Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 06.05.2019 10:52

Ноокенде Тоскоол-Ата сайындагы сууга аккан адам куткарылды

Ноокенский район
Ноокенский район

Turmush -  Кечээ, 5-майда Ноокен районунун Масы айылында сууга агып кеткен 34 жаштагы адам куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 09:22 чамасында болгон. 1985-жылы туулган эркек киши жөө адамдар өтүүчү көпүрөдөн Тоскоол-Ата сайындагы сууга түшүп кеткен. Ал жерге ӨКМден куткаруучулар барып, аны суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен. Учурда абалы канааттандырарлык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×