Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуТалас району 06.05.2019 10:39 На русском

Жубайымды айылда жашоого көндүрдүм: У.Султанбаев шаардагы жумушун таштап, айылга барып, 10 жылда миллионер болду (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Чат-Базар айылынын 35 жаштагы тургуну Улукбек Султанбаев шаардагы жумушун таштап, айылда дыйканчылык кылып, жылына 1 млн сомдон ашык киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кичинесинен эле мал багып чоңойгон.

«Мектепти аяктаган соң Кыргыз улуттук университетинин прикладдык информатика бөлүмүн аяктагам. Окууну аяктагандан кийин Талас шаардык ички иштер бөлүмүндө 2 жыл иштедим. Айылда ата-энем кичинемден мал багып, дыйканчылык менен алектенишчү. Атам Жакей Султанбаев 30 жылдан ашык чабан болуп иштеген. Ошол киши бизге сарайды энчилеп, түптөп берген. 2009-жылы жубайым менен бирге айылга көчүп келдик. Ошондон тарта сарайда мал менен алектенип келебиз. Сарайыбыз Чат-Базардын Кара-Булак деген аймагында жайгашкан. Ошол жылы бизде 100 кой, 10 чакты уй бар болчу. 10 жыл аралыгында койдун саны 500дөн ашты. Учурда 40 баш жылкы, 40 уй болду. Жылкылар сорттолуп жатат. Арасында таза кандуу дагы жылкылар бар.

1 жылда төлдөө мезгилинде 500дөн ашык козу алдык. Мурун 200-300 козу алчубуз. Ар бир козуга караган киши керек. Жардамчы менен төлдөтөбүз. 100 козу туулса жардам берген адамга 10 козу берип жаттык.

Тоодо мал менен жүргөн кыйын. Жамгырда, суукта каласың. Атам бүгүнкү күнгө чейин жардамдашып, кеп-кеңешин үзбөй берип турат. Бир жылы жакшы болуп малың толук чыгат, бир жылы тескерисинче болуп калат. Чөбүнө, жемине орточо эсеп менен 300 миң сомдой каражат кетет. Ал эми жылдык киреше орточо 1 млн сомдон ашык болот», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жубайына шаарда жашайбыз деп айтканы менен айылда жашаганга көндүргөнүн кошумчалады.

«Жубайымдын аты-жөнү Шаршенбек кызы Гүлзана. Ал бүгүнкүгө чейин мага «шаарда жашайбыз» деп алдап, тоого алып келип койгонсуң» деп күлүп калат. Мен шаардык ички иштер бөлүмүндө иштеп жүргөндө үйлөнгөнбүз. Үйлөнгөндө «шаарда эле жашайбыз» деп айткан элем. Анан тоого деле көнүп кетти», - деди ал.

Жубайлар 2 кыз, 2 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×