Бөлүмдөр
Жума, 24-май
04.05.2019 20:00

Ошто «Алай» менен «Абдыш-Ата» таймашып, алайлыктар жеңишке ээ болду

Turmush -  Бүгүн, 4-майда Ош шаарында кыргыз премьер-лигасынын кезектеги оюну болуп, анда жергиликтүү «Алай» клубу Кант шаарынын «Абдыш-Ата» клубун кабыл алды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, оюндун 1-бөлүгүнүн 6-мүнөтүндө «Алай» клубунун чабуулчусу Мирбек Акматалиев атаандаштардын клубуна гол киргизди. Оюндун 2-бөлүгүндө «Абдыш-Ата» активдүү чабуулдарга өткөнү менен гол киргизе алган жок. Жыйынтыгында оюн 1:0 эсеби менен «Алай» клубунун пайдасына аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×