Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Нарын облусуАк-Талаа району 05.05.2019 12:10 На русском

Ак-Талаадан чыккан бир тууган балбандар эл аралык мелдешке жолдомо алышты (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районундагы бир үй-бүлөдөн чыккан бир тууган 2 балбан эл аралык мелдешке жолдомо алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга балбандардын апасы Назира Сабитакунова билдирди.

Маалым болгондой, 19 жаштагы балбан Акылбек Талантбеков, 16 жаштагы Сезим Талантбекова жана 14 жаштагы Бердибек Боогачиев эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча машыгып келе жатышат.

Акылбек Талантбеков 3-апрель күнү 77 кг салмактагылар арасында грек-рим боюнча 1-орунду алып, Кыргызстандын чемпиону аталды. Ага Таиландда өтө турган Азия чемпионатына жолдомо ыйгарылды. Акылбек буга чейин Кыргызстандын чемпиондугун 3 жол багындырып, дүйнө жана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү болгон. 2017 жылдын «Мыкты спортчусу», 2018-жылы Ак-Талаа районунун «Ардактуу атуулу» наамын алган. Азыркы убакта Ш.Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резервиндеги спорт мектебинин 1-курсунда окуйт.

Сезим Талантбекова 1-май күнү өспүрүм кыздар арасында 65 кг салмактагылар ичинде эркин күрөш боюнча күч сынашты. Ал 1-орунду жеңип, Кыргызстандын чемпиону аталды. Жыйынтыгында Астана шаарында өтө турчу Азия биринчилигине жолдомо утуп алды. Учурда Ш.Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резервиндеги спорт мектебинде 9-класста окуйт.

Ал эми Бердибек Боогачиев буга чейин күрөштүн грек-рим күрөшү боюнча 38 кг салмактагылар арасында бир катар мелдештердин жеңүүчүсү болгон. Учурда Азия биринчилигине жолдомо алуу үчүн өлкө биринчилигинде күч сынашууга даярданып жатат. Бердибек Ново-Павловка айылындагы мектепте 7-класста окуйт.

Бир үй-бүлөдөн чыккан бир тууган балбандар аталган күч сынашууларга кызуу даярданып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×