Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Талас облусу, Талас 05.05.2019 08:10

Айылда иштеп миллионер болгон чабандар: Мал жана миллиондор. Видео

Turmush -  Кыргыз эли илгертен эле мал чарба менен алектенет. Андыктан уй, кой, жылкы, топоз сыяктуу малды багуунун сырларын мыкты өздөштүргөн. Мал — кыргыз элинин тиричилигинин ажырагыс бир бөлүгү. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин кыргызстандыктар мал багууну таштап кое элек. Turmush басылмасы алардын турмушун кенен чагылдырып келе жатат. Бул жолу өз мээнети менен малын көбөйтүп, миллионер болгон чабандарды тааныштырабыз.

Каракол шаарынын 32 жаштагы тургуну Рустам Рузиев мал чарбачылыгы менен алектенип, гиссар породасындагы койлорду багат.

Өзүнүн айтымында, гиссар породасындагы койлорду багып жатканына 5 жылдай болгон.

«Учурда таза гиссар породасындагы койлордун саны 70ке жетти. Бул койлордун өзгөчөлүгү эттүү жана көлөмдүү болгондугунда. Жөнөкөй койлорго салыштырмалуу баасы кымбат жана кирешелүү болот. Ургаачылары 80 кг салмакка чейин жетсе, кочкорлору 120 кг салмактан ашат», - дейт Р.Рузиев.

Анын айтымында, асыл тукум койлорду багуу кирешелүү иш болуп саналат.

«Козулары 15 миң сомдон жогору болот, ургаачы чоң койлор 30-40 миң сомдон, ал эми кочкорлору 70 миңден 150 миң сомго чейин жетет. Быйыл 2 кочкорду 250 миң сомго саттым. Акыркы 2 жылдан бери 1 миллион сомго жакын киреше түшүп жатат. Ал эми 30 токтуну 35 миң сомдон саттым. 1 миллион 150 миң сом болду. Жем-чөбүнөн сырткары 1 миллион сомго жакын киреше түштү. Келечекте дагы асыл тукум малдарды көбөйтүүнү пландап жатам. Мындан тышкары эт жана сүт багытындагы асыл тукум уйларды багууну ойлоп жатам», - деди ал.

Р.Рузиев 3 уул, 2 кыздын атасы.

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 41 жаштагы тургуну Олимжон Нооманов гиссар породасындагы койлорду багып, быйыл алардын саны 500гө жетти.

«Умид» атындагы асыл тукум мал чарбаны өздөштүргөнүбүзгө 15 жылдан ашты. Атам Закиржон Нооманов кыргыз Боркош ата менен жакын дос болчу. Ал досу «Закир, мал кыл. Мен сага 30 гиссар кой берейин» деп айтып, кой берген экен. Ошол мал көбөйсүн деп үмүт кылып, чарбанын атын «Умид» деп атаган», - дейт чабан.

Койлорду 5000 сомдон 10 000 сомго чейин сатышат. Мамлекеттен 13,5 гектар жерди 5 жылга ижарага алышкан. Келечекте гиссар койлордун асылдуулугун жогорулатып, алардын санын 1000ге жеткирүүнү пландап жатышат. Гиссар койдун эти даамдуу. Төлдү жакшы берип, тубар койлор козуларын жакшы карайт. Мисалы 100 койдон жылына 100 козу алынат. Кышында койлор 34 тонна чөп керектелет. Койлор жаз алды менен ар кандай илдеттерге, ичтеги курттарга каршы эмделди. 500 баш койду дарылоо үчүн 8000 сомдун тегерегинде акча кетти.

Лейлек районунун Кулунду айылындагы фермер Фахридин Болотбеков 1 миңге жакын гиссар кой багууда.

Өзүнүн айтымында, мал чарбачылык менен 2012-жылдан бери алектенет.

«Башында Тажикстандан 30-40 гиссар кой алып келгем. Ошол убакта ар бирин 40-50 миң сомдон алгам. Ошолорду көбөйтүп отуруп, азыр миңге чукулдап калды. Гиссар койлор көп эт берет. Анан баасы да кымбат турат.

Малдын саны көп, анан сапаты жакшы болсо чыгымды актайт. Аз малды карасаң кирешеси өзүнөн артпай калат. Мисалы, мен жылына 400 баш төл алам. Козулары 7000 сомдон да сатылат. Орто эсеп 5000 сомдон дейли. Анын 100 төлү эле чыгашаны актайт. Калганы 1 жылдык киреше болот. Ошондо миллион сомдон ашуун таза киреше түшөт», - деди ал.

Бакай-Ата районунун 1-Май айылынын 49 жаштагы тургуну Муктарбек Малабаев жубайы Айнура Бөтөшова экөө 50 кой менен чарба түптөп, азыр жылына 2 млн сомго чейин киреше табууда.

Өзүнүн айтымында, чарбасын атасынан калган 50 кой менен баштаган.

«1987-жылы мектепти аяктагам. 1988-жылы аскерде кызмат өтөп келдим. Үйдө кенже бала болгондуктан ата-энемдин колунда калдым. Башка бир туугандарым окуп, ар кими өз чарбасы менен кетти. 1991-жылы үйлөнүп, мал чарба менен алектенип калдым. Үйдө атамдардын 50 кою бар эле. 1992-жылы мал чарба кооперативине жумушка кирип, жубайым экөөбүз 2 жыл колхоздун козуларын бакканбыз. 1996-жылы кооператив тараган соң ошол сарайды менчик кылып сатып алып калдык. Сарай айылдан 4 км жогору жайгашкан. Үй-бүлөбүздүн 50 коюнун козуларын жакшы карап, жыл сайын көбөйтүп жаттык

Бул ишкерликтин жакшы жагы — ар убакта акча болот. Мал базарга алып чыксаң эле малыңа татыктуу акчасы турат. Учурда 10 чакты жылкы, 5-6 уй, 600дөн ашык кой бар. Жылына 2 млн сомго чейин киреше болот. Малды үй-бүлөм менен Күмүштак деген жердин Бүркүт-Уя деген жеринде карап кыштайбыз. Жазда төл учурунда айыл жактагы кашарда болобуз. Малга жылына 15 унаа чөп, 3 тонна жем алабыз», - дейт ал.

Фермер жубайы экөө 1 кыз, 4 уул, 4 неберенин ата-энеси.

Кара-Буура районунун Ак-Башат айылындагы жубайлар — 63 жаштагы Сатылган Абдрахманов менен 61 жаштагы Нурбүбү Абдрахманова трактор иштетип, дыйканчылык кылып, мал багуу менен жылына 1 млн сомго чейин киреше табышат.

Жубайы: Айдоочулук окуу жайда окуган эмесмин. Трактор айдаганды жолдошум үйрөткөн. Акча керек болуп, үйрөнбөскө арга болбой эле иштеп кеттик. Өзүмдүн кесибим тигүүчү. Тигүүчүлүк менен Бишкекте 3 жыл иштедим. Айлыгы аз болуп, трактор айдоого өтүп кеткем (күлүп).

Тракторду ушул фермерчиликти түптөгөн учурдан баштап 20 жыл айдап жүрдүм. Элдин баары уктап жатышса биз кечинде кеч уктап, таң атпай саат 4-5те туруп жер айдайт элек. Кыйналганда «элдей болуп качан уктайт болду экенбиз» деген күндөрүм болгон. Азыр тракторду токтотуп, жеңил унаа айдап калдым.

Жолдошу:Алгач 2, анан 4, аны 10 кой кылдык. Кантип көбөйгөнүн байкабай калдым. Жаштайымдан ичкилик ичпей, чылым чекпей оокат деп, күнү-түнү тырышып иштеп жүрдүм. Койдун санын көбөйтүп, гектарлап буудай эгүүгө өттүк. Ага керектелүүчү техникаларды бирден чогултуп отуруп, шаймандарына чейин топтодум. Албетте оңой болгон жок. Ошентсе дагы насыя алып, натыйжалуу пайдаландык. Жылына 700 миң сомдон 1 млн сомдун тегерегинде киреше таап, балдарыбыздын келечегинин пайдубалын тургузуп жатабыз. Техникаларыбыз менен элге жардам берип келебиз.

Бакай-Ата районунун 1-Май айылынын 56 жаштагы тургуну Ашым Алашбаев мал чарбачылык, багбанчылык менен алектенип, ишкерлик кылууда.

Мал сарайда жашап жүрүп кепе салдык

Бул сарай турган жерибиз колхоздон калган, суу келбеген жер болчу. Бузулуп, тамтыгы чыккан сарайды өзүмө алып, аны орду-түбү менен сүрдүрдүм. Жанына трактор менен суу ташып жүрүп ылай жасап, усталарга сарай салдырдым. Мал сугарганга сууну тракторлор менен 1 км жерден ташып келебиз. 4 км жерден сууну шланга менен тартып келүү керек болуп жатат. Аны казууга техника керек болууда. Анан дагы сарайга жаңы көчүп келген жылдары сарайдын үстү жабыла элек болчу. Там салына элек, сарайдын ичине койлордун жанына кепе куруп, 2 жыл там бүткүчө короонун ичинде жашаганбыз. Жаңы келген жылы күн суук, отун жок. Кошуна сарайдагылар элден уй чогултчу. Балдарым ошол уйлардын талаадагы тезектерин терип келип жакчу. Сарайда бир кыш үстү жабыла элек боюнча кыштаганбыз. Ал учурда айыл өкмөттө иштечүмүн. Келинчегим айылда мугалим болуп иштейт. Бир бутум айылда же жумушумда, бир бутум сарайда болчу. Азыр Койлордун саны 500гө жетет. Уйдан 8 баш, жылкыдан 3 баш бар. Үйдө 30 чакты таза кандуу кочкор кармайм.

Насыя алгандан корком

Чарбачылыкты өнүктүрүү үчүн насыя алган жокмун. Өзүм насыя алгандан корком. Салык кой башына 14 сомдон, жылкыга 100 сом, уй 80 сомдон. Өзүбүздүн үлүш жерибизге чөп-чар айдап, жетпегенин сатып алабыз. Чарбадан жылына 1,5 млн сомдой киреше түшүп, 700 миң сомдой чыгым болот. Гиссар койлор август айында жетилип калат. Сатып алуучу кардарларыбыз бар. Алар кайсыл жакка алып кетип жатканын билбейм. Кочкорду сураштырып келип сатып алышат. Чаткалдан да сатылат.

Кара-Буура районуна караштуу Ак-Башат айылындагы жубайлар — 51 жаштагы Орозалы уулу Рысалы менен 42 жаштагы Эрика Абдиева айылда 3 багытта иштеп, жылына 1 млн сомго чейин киреше табышат.

Жолдошу: Койдун башын миңге чейин жеткирдик. Албетте мунун баары оңой эле куралып калган жок. Талыкпаган эмгек кылып, пландаган жумушту орто жолдон таштабастан иштедик. Аба ырайынын ысык-суугуна чыдап, малды убагында ветеринарга көрсөтүп, төл алып көбөйттүк. 2005-жылы сарайга карышкыр кирип, 120 баш койду кырып кетти. Канткенде ушундай окуя кайталанбайт деп ойлондук. Малчыларды алып, малдын санын азайтып, асыл тукум мал багууга өттүк. Анын үстүнө ошончо малга тоютту сатып алып же сепкен чөптү техника жалдап чаптыруу дагы түйшүк жаратты. Малга чөп, тоют, жем керек болгондуктан техника алып, жер иштетебиз дедим. Трактор алып иштетип, тоютубуз жакшы боло баштады. Азыркы учурда 3 трактор иштеп жатат.

Ортодон 55 уй багып көрдүк. Анын ичинен 25и саан уйлар болчу. Үйдө кармап саачубуз. Саанчы алсак саанчы токтобой койду. Апам менен жубайыма күч келип кетти. Уйларды санын азайтып, жылкы жакшы экен деп, ал жакка өттүк. Жылкылар өздөрү оттоп, аркасынан карабайт экенбиз дедик. Бүгүнкү күндө алардын дагы асылдуулугун көбөйтүп жатабыз. Малдын жугуштуу оорулары болбосо эле пайдалуу иш десем болот. Тынбай эмгек кылуу керек. Азыр эт багытында 300 кой, асыл тукум 10го жакын жылкыларды багам.

Техникалар, дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен иштөөдөн түшкөн жылдык киреше 600 миң сомдон 1 млн сомго чейин болот. 3 жумушчу бар. 2 жумушчу такай техника менен, 1 жумушчу мал менен иштейт. Айлыктары 15 миң сомдун тегереги болот.

Жубайы: Мен Бишкек шаарында төрөлүп, шаарда өскөм. Кесибим боюнча художник-модельермин. Турмушка чыгып, бул кесип менен иштеген жокмун. Айылга келип, баарына көнүп, мал бактык, уй саадык. Жолдошумдун колуна кол болдум. Экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Жолдошум аракетчил, бир ишти баштаса аягына чейин жетет. Кудайга шүгүр, 4 балабыз бар, үчөө студент. Алардын жакшы келечеги үчүн болгон күчүбүздү жумшап келебиз.

Кадырбай Кулубаев 1969-жылы Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Ой айылында төрөлгөн. Ал 20 жашынан бери мал чарбачылык менен алектенет.

«Аскерден келип эле мал чарбачылык менен алектенип калдым. Ошондо 20 жашта болчумун. Ал кезде атамда 34 жандык, 4 бээ, 6 уй болгон. Ошону курап отуруп азыр жандыктардын саны 600гө, бодо мал 60га жетти. Ал эми жылкы баласы аз. 10 чактыдай эле. Келечекте жылкы баласын көбөйтөйүн деген оюм бар. Өзүм кичинекей кезимден эле атамды ээрчип жүрүп, малга жакын болуп чоңойдум. Жаш кезимде малдын түйшүгүн сезбесем керек. Бирок улам жаш өтүп, мал көбөйгөн сайын жалгыз алым жетпейт. Жылына койго, уйга өзүнчө экиден жумушчу алам. Аларга акы төлөйм.

Сырттан башка малдарды деле алып келбейм. Атамдан калган уйларды эле улам курап, жакшы букаларды кошом. Жайытка айрым уйларды алып калып, калгандарын сатып иргеп турам. Аларга деле өзгөчө семиртүүчү жемдерди бербейм. Жалаң эле чөп менен багылат. Болгону тубар уйлардын бооздоруна жем берем. Уйлардын сүтү деле иштетилбейт. Торпоктору энелерин эмип чоңоёт. Ошон үчүн да торпоктору эки эсе чоң болуп, жакшы баа болуп берет. Алардын баасы жашына жараша болот. Мисалы 2,5 жашар торпоктору 60-70 миң сом болсо, музоолору 30-35 миң сомго чейин бааланат. Ал эми эчки баласын бакпайм. Себеби эчки баласы жайытта тынчы жок, кирешеси аз мал болот», - дейт ал.

Фермер 5 баланын атасы.

Кочкор районунун Арсы айылынын тургуну Жолдошбек Алжанбаев СССР тарагандан тартып уяң жүндүү койлорду багып келет.

Жолдошбек Алжанбаевдин ата-энеси союз убагында чабан болуп, меринос тукумундагы ак уяң жүндүү кой багышкан. Союз тараганда, 1992-жылы 300 баш ак кой менен Кочкор совхозунан бөлүнүп, өзүнчө фермердик чарба уюштурушкан.

«Ата-энем койчу болуп көп жылдар бою иштешти. Биз бала кезде ата-энебизге жардам берип, ушул тоолордун арасында балалыгыбыз өттү. Союз ыдырап баштаганда атам, бир туугандарыбыз болуп өзүнчө чарба түзүп, кой багып кеттик. Ушул күнгө чейин койдун башын жоготпой, багып келе жатабыз. Учурда ак койдун башы 650гө жетти. Малды улам жашартып туруу керек. Антпесе малдын асылдуулугу жоголот жана төл бербей калат. Жашы өтүп бара жаткан койду сатып, анын ордун жаш козуларга толтуруу кажет. Мындан тышкары дагы канын тазалап, козулары чоң болушу үчүн кочкорлорду башка облустардан сатып келип турам», - дейт Алжанбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×