Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуМанас району 05.05.2019 11:18 На русском

Айыл турмушу: Манастык жаш мугалим А.Эркимбекова кайын журтунун колдоосуна ыраазы (сүрөт)

Turmush -  Манас районунун Май айылынын 25 жаштагы тургуну Айпери Эркимбекова өзүнүн бала күнүнөн сүйгөн кесиби менен иштеп, окуучуларга билим берип жатат. Аймактык кабарчы мугалим айым менен таанышты.

Анын айтымында, быйыл «Жыл мугалими» сынагында жеңүүчү болду.

«Өзүм Кара-Буура районунун Кайнар айылынын кызымын. Орто мектепти аяктап жогорку окуу жайдан математика мугалими кесибине ээ болуп чыктым. 2015-жылы Манас районунун Май айылына келин болуп келдим. Келин болуп келгенден 1 ай өткөндөн кийин айылдагы мектепке мугалим болуп орношуп эмгектенип келе жатам. Кайын журтум билимдүү адамдар. Алардын колдоолорду менен ар кандай кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп жүрөм. Мектептеги кезимен бери эле математика сабагынан жакшы окуп, олимпиадаларга барып, орундарга ээ болуп жүрчүмүн. Өзүмдү кийин математика сабагынан мугалим катары көргүм келчү. Тилегим ишке ашып. мугалимдик кесипти аркалап келе жатам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле окуучулар менен болгон кызыктуу окуяларын эскерди.

«Мектепке жаңы мугалим болуп киргенде чоң класстарга сабак берип баштадым. Өзүм жаңы келин болуп келгениме 1 ай толук болгон. Жаңы келип эле мектепке иштеп калганыма бир чети абдан сүйүндүм. Чоң класстарга сабак бергенден бир аз тартынып, уялып жүрдүм. Анткени чоң класстын балдары «Эжеке, жашыңыз канчада? Кимдин келинчеги болосуз? Биздин айылга жаңы келин болуп келдиңиз окшойт ээ?» дешип мени аябай уялтышчу. Мен ашыкча сөз сүйлөй албай күлүп эле койчумун. Доскага чыгып эсеп чыгарып жатканда аябай денем титиречү. Өтө толкунданып ката чыгарып албайын деп коркуп, чыгарып берген эсебимди кайра-кайра текшерип жаздыртчумун. Бирок акырындык менен окуучулардын тилип таап, бат эле аралашып кеттим (күлүп). Кесиптештерим абдан ынтымактуу. Улуу муундагы мугалимдер жакшы жолдорду көрсөтүп, үлгү болуп жүрүштү. Акыл-насааттарын айтып, жардамдарын аяшкан жок.

Кайын энем өтө акылдуу адам . Менин жумушумду түшүнүп, ар тараптан колдоп келет. Кандай кароо-сынактарга даярданбайын мени менен чогуу даярданат. Анын колдоосу менен үй жумуштарды таштап, жакшы даярданып , байгелүү орундарга ээ болуп келем. Кечээ жакында өткөн «Жыл мугалими» сынагынан район боюнча мен «Жыл мугалими» наамын алдым. Мен үчүн күтүүсүз белек болду. Азыркы учурга чейин куттуктап келишкендер көп», - деди ал.

Айпери айым учурда 8-класстын окуучуларына класс жетекчи. Жолдошу менен 1 кызды чоңойтууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×