Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Жалал-Абад облусуАксы району 04.05.2019 10:37

Аксынын Кара-Суу айыл өкмөтүндө кызматтан алынган кызматкерлер кайрадан убактылуу ишке алынды

Turmush -  Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүндө кызматтан алынган кызматкерлер убактылуу ишке алынды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Руслан Бекназаров билдирди.

Анын айтымында, иштен алынган катчы менен кагаз иштери боюнча адис ишке алынды.

«Иштен четтетилген 2 кызматкер убактылуу ишке алынды. Алар жумуштан алынгандан бери көйгөй жаралып, кыйынчылык болуп жаткан. Учурда алар иштеп жатат. Эгер түзүлгөн акт жокко чыгарылса ишке алынат», - деди ал.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жана иш кагаздарын жүргүзүүчү кызматкери иштен алынгандан кийин жергиликтүү тургундар 28-апрелде нааразычылык акциясына чыгышкан.

Жергиликтүү тургундар 2 кызматкер ушул жылдын 10-апрелинде эле иштен алынгандыгын айтышкан.

«Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Тамара Азимбаева жана иш кагаздарын жүргүзүүчү кызматкер Гүлжамал Сагынбаева жумуштан кеткенден кийин кезек күтүү көбөйдү. Биз алардын жөнү жок иштен алынышына нааразыбыз», - дешкен алар.

Ал эми айыл өкмөттүн кызматкери Гүлжамал Сагынбаева ден соолугуна байланыштуу өргүүдө жүргөнүн айтып: «Мен ооруп, иштен уруксат алган элем. Ошол учурда иштен алып коюшуптур», - деп билдирген.

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Бекназаров 2 кызматкердин иштен алынгандыгынын себебин айткан.

«Кара-Суу айыл өкмөтүнө Экотехинспекциядан текшерүү келип, алар 6 маселе боюнча текшерүү жүргүзүштү. 2 күндөн кийин алар текшерүүнү бүтүп, кетерде мөөр басуу керек болуп калды. Ошол учурда жооптуу катчы жана иш кагаздарын жүргүзгөн кызматкер дагы иш ордунда жок болгон. Алар 4 саат иште жок болгон. Ошол себептен аларга акт түзүлгөн. Эгер кызматкер 3 саат иш ордунда болбосо иштен бошотулсун деген талап бар. Ошого ылайык экөөнү иштен бошотууга аргасыз болдук», - деген Бекназаров.

Буга чейин Кара-Суу айыл өкмөтүнө 5 кызматкер жетишсиз экени айтылып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×