Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Нарын облусуНарын району 03.05.2019 14:30

Нарын РИИБде ички бөлүмдөр арасында футбол мелдеши өтүүдө

Turmush -  Нарын РИИБ тарабынан ички бөлүмдөр арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ага Нарын РИИБдин криминалдык милиция кызматы, тергөө бөлүмү, аймактык тескөөчүлөр, жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмү, нөөмөт бөлүмү жана милициянын аймактык бөлүмү болуп жалпы 6 команда катышууда. Алар Нарын РИИБдин кубогу үчүн ат салышат.

Уюштуруучулардын бири, Нарын РИИБдин борбордук аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Жээнбек Маатканов аталган кичи футболдук мелдеш ынтымакты бекемдөө үчүн жылына 2-3 жолу уюштурулуп турарын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×