Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Баткен облусуБаткен району 03.05.2019 14:29

Сүрөт: Баткендеги айылда биринчи жолу аялдар арасында футбол боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Кечээ, 2-майда Баткен районуна караштуу Самаркандек айыл аймагында айымдар арасында футбол мелдеши өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, ага Миң-Өрүк, Жаңы-Бак айылдарында түзүлгөн өз ара жардамдашуу топторунун мүчөлөрү катышты. Иш-чаранын максаты — чебер аялдардын өнөрүн, элеттик айымдардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана айылдагы стереотиптерди азайтуу.

Футбол боюнча мелдеште 1-орунду Миң-Өрүк айылынын «Ай-Береке» командасы, 2-орунду Жаңы-Бак айылынан «Ынтымак» командасы ээледи. Аларга футболка, диплом, кубок жана акчалай сыйлыктар берилди.

Айыл өкмөт башчысы Насирдин Орозов айымдар арасындагы футбол мелдеш айылда биринич жолу өтүп жаткандыгын билдирди. Ошондой эле иш-чарада Самаркандек айылындагы «Шайыр апалар» тобу концерт коюп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×