Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 03.05.2019 13:38 Жаңыланды: 03.05.2019 17:51

Тагдыр: Т.Абышова нышан төрөлгөн кызынын операциясына жардам күтөт

Turmush -  Бишкек шаарынын тургуну Токтокан Абышова эки айлык кызы Айлиндин операциясына каражат топтоо үчүн кайрымдуу адамдардан жардам сурайт. Өзүнүн айтымында, кызы ушул жылдын 28-февралында таӊдайы жок төрөлгөн.

«Боюмда бар кезде дарыгерлер кызым нышан (ээк, таңдай, же үстүңкү жаактын жыртык кемтиги) менен төрөлөрүн эскертишкен. Бирок мен ишенген эмесмин. Кызым төрөлгөндө эле жандандыруу бөлүмүнө алышкан. Бир жума ооруканада жаттык. Таӊдайы жоктугуна байланыштуу өз алдынча эме албайт. Жасалма жол менен сүт беребиз. Кош бойлуу кезимде сасык тумоологон элем. Дарыгерлер ошондон улам деп айтып жатышат. Ооруканадан чыккандан кийин кызымды каттоого алышкан. Нышан төрөлгөн наристелерди атайын каттоого алып, кезеги келгенде операция кылышат экен. Бизге кызым 5-6 айлык болгондо операция жасайбыз дешкен. Бирок биз сыяктуу каттоодо турган балдардын ата-энелери ар кандай шылтоолор айтылып, кезек жыла берерин айтышты. Ошентип жылдырып отуруп бир жашка чыгып калган наристелерди көрдүк.

Биз кызымдын бир жашка чыгышын күтө албайбыз. Себеби, сүттү өз алдынча иче албагандыктан көп кыйналат. Кызым төрөлгөндөн кийин социалдык тармак аркылуу чет элдик дарыгерлерден кеӊеш сурап, кеңеш алчумун. Соцтармак аркылуу кызына Орусиядан операция жасаткан айым менен таанышып калдым. Ал бизге дагы сунуштады. Орусиядагы тааныштарга дайындап, кызымдын анализдерин жиберсек операция кылууга болот деген жооп алдык. Эми ага жалпы 200 миӊ сом каражат керектелет экен. Бул сумманы чогултууга чамабыз жетпегендиктен кайрымдуу адамдардан жардам суроого мажбурбуз.

Өзүбүз Токтогул районунан болгонубуз менен Бишкек шаарында батирде турабыз. Жолдошум таксист болуп иштейт. Мен үйдө балдарымды карайм. Кызыма чейин үч уулубуз бар. Кызым төрөлгөндөн бери туугандарыбыз колунан келген жардамдарын берип жатышат. Орусиядан жасала турган операцияга 200 миӊ сом чогултуу үчүн кайрымдуу адамдардан жардам сурайбыз», - деди Токтокан Абышова.

Жардам берүүнү каалаган инсандар 0708527212 ЭЛСОМ номуруна акча которуп же байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×