Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусу, Талас 02.05.2019 15:41

Айыл турмушу: Н.Акышов айылда тракторчу болуудан качып, сүйүктүү кесиби менен иштеп жатат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын 19 жаштагы тургуну Нурадил Акышов айылда трактор айдоодон качып, өзүнүн сүйүктүү кесиби менен иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, учурда телеканалдардын биринде оператор болуп иштейт.

«Мен 2018-жылы Талас мамлекеттик университетинин алдындагы колледждин программист бөлүмүн аяктагам. Камерага 7-классымда кызыгуум башталган. Бирок үйдөгүлөрдүн мага болгон планы ошол чакта эле башка эле. Улуу акем трактор айдайт. Ата-энем кичинемден «акеңден үйрөн, кийин сен дагы айылда техника менен иштесең оокатың тың болот» деп айтышчу. Мен бирок трактор айдаганга кызыкпайт элем. Апама «апа, мен трактор айдагым келбейт, өзүм сүйгөн кесипке эле кетейин» деп айтып, фотоаппарат алып берүүнү сурангам. Апам макул болуп, 9-классты бүткөнчө ижарага фотоаппарат алып сүрөт тартып иштегем. 9-классты аяктаган соң Таласка колледжге бардым. Окуу жайдан практикага Талас телерадиокомпаниясына чыга берчүмүн. Себеби монтаж кылганды, камера тартканды үйрөнүш үчүн бош убакта барып үйрөнүп алгам.

2017-жылы жазында Таластагы маалыматтык телеканалга ишке кирдим. Барганда баары «ии жашсың го, иштей аласыңбы?» деп чоочулашкан. Бирок мен «иштейм, өзүм кызыгам» деп айтчумун. Ошону менен 2 айда үйрөнүп, иштеп кеттим. Башында кыйын эле болгон. Жакшы көнө албай, анан туура эмес жерлерди оңдоп отуруп иштеп кеттим. 2017-жылы менин классташтарым 11-классты бүтүп жаткан кезде мен иштеп калган элем.

Кино тартып көрөйүн деген кыялым бар эле. Биринчи кыска метраждуу тасма тарткам. Биринчи жолу Таластан 110 км алыс жакка съемкага чыктык эле. Ошондо мен камерамдын флешкасын унутуп калып, телефон менен тарткам. Кино тартканга кызыгам. Буйруса жакында кыска метраждуу кинолорду дагы тартайын деп жатам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жумушундагы окуяларды эскерди.

«Бир жолу алыс жакка съемкага барып, тартканымды флешкадан өчүрүп алгам. Эфирге чыкпай, тил уккам. 2018-жылы күзүндө мэрия, милиция менен биргеликте көчөдө жүргөн өспүрүмдөрдү кармоо боюнча рейд өткөрдү. Биз Талас шаарынын паркына барганбыз. Ал жерде жаштар көп эле. Милиция кызматкерлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда паркта 3 бала отурган. Биз аларга бара жатканда паркта отурган бир эжеке тиги балдарга «качкыла, качкыла» деп кыйкырды. Алар качып кетти. Парктын ичинде кафе бар эле. Ошол жактан чоң эле 10дой мас бала чыга калып, мага кол көтөрүп жиберишти. Аларга түшүндүргөнгө жетишпей калдым. Милиция кызматкерлери турса да мага кол көтөрүп жиберишкен. Рейддерде көбүнчө ушундай болот. Жол кыймылынын коопсуздугун сактоочулар менен рейдге чыкканда да эреже бузган айдоочулар камераны өчүрүүнү талап кылышат. Башка жерден кармап алышып, «сен мени тарткан баласың» деп коркуткан учурлар дагы болгон», - деди ал.

Оператор жигит үй-бүлөдө 4 бир туугандын кенжеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×