Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Жалал-Абад облусуЧаткал району 02.05.2019 14:15

Чаткалдын 3 айылында окуучулар арасында волейбол мелдеши уюштурулду

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Сумсар, Шекафтар, Ак-Башат айылдарында жайгашкан 13 мектептин окуучуларынын арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш ѳткѳрүлдү. Аны Чаткал РИИБ «Жаштар кылмыштуулукка каршы» урааны астында уюштурду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдештин ачылышында Чаткал РИИБдин жетекчиси, милициянын полковниги Азизбек Айдарбеков кылмыштуулуктун алдын алуу, кылмыш жоопкерчилиги боюнча түшүндүрмѳ берип, жаштарды сергек, дени сак жашоого жана патриоттуулукка үндѳп, жергебизде дайыма тынчтык жана жаркын келечек болушун каалады.

Турнирге 100гѳ жакын окуучулар катышкан. Анын жыйынтыгында уландар арасында 1-орунду Ю.Гагарин атындагы мектеби багындырса, 2-орунду Сумсар жана 3-орунду В.И.Ленин атындагы мектеп-гимназиянын командалары ээледи. Ал эми кыздар арасында 1-орунду В.И.Ленин атындагы мектеп-гимназиясы багындырып, 2-орунду Ю.Гагарин атындагы мектеби жана 3-орунду Сумсар орто мектебинин командалары ээлешти. Жеңүүчүлѳргѳ РИИБдин жетекчилиги тарабынан кубок, медалдар жана баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×