Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуТалас району 02.05.2019 14:24

Айыл турмушу: Таластык Г.Сүйүналиева чеберчилигин башка кыз-келиндерге да үйрөтүүдө (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Беш-Таш айылынын 57 жаштагы тургуну Гүлнар Сүйүналиева чеберчилигин кыз-келиндерге да үйрөтүп келет. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Калба айылынын кызы.

«30 жылдан бери кол өнөрчүлүктү аркалап келем. Шырдак шырам, килемчелерди курайм, төшөнчүлөрдү тигем. Баары куракка байланыштуу. 1979-жылы турмушка чыгып, бала бакчада ашпозчу болуп иштедим. Кайра үйдө отуруп калгандыктан курактардын түрү менен үйгө керектүү буюм-тайымдарды жасап калдым. Ошол убактан азыркы күнгө чейин жөн отура албайм. Курактын мааниси чоң. Бүгүнкү күндө курак менен жасалган буюмдардын сапаты мезгилдин талабына жараша өзгөрүүдө. Мен көбүнчө баркыт колдонгонго аракет кылам. Анткени андан сапаттуу жана кооз буюм жасалат. Аны менен бирге кыжым кездемени дагы колдоном. Буйрутмага жараша каттама, бөрү көз, турна, жоогазын, жылдыз курактарын курайм. Каттама курак өзү дагы формалары боюнча көп түрлөргө бөлүнөт. Курап бүткөндөн кийин көз жоосун алган буюм яр болуп чыга келет. Бирок курак куроо ийне менен кудук казгандай. Анткени майда жумуш.

Жакын адамдар кандай буюм курап бер десе, ошого жараша кездеменин өңүн ылайыктап алып жасап берем. Өңдөрү дал келишпесе көрктүү болбой калат. Мисалы жер төшөккө ак түстөгү кесиндилерди кошуп кереги жок. Анткени ал көп пайдаланылат. Чыдамдуу же кир көтөрүмдүү өңдөн жана өтө ачык эмес кездемени ылайыктаган дурус болот. Небере кыздарым мата сурап тигишет. «Токуганды үйрөтчү» дешет. Кийимдин баарын токуйм.

Тигүүчүлүк менен келе жаткандан кийин айыл ичиндеги кыз-келиндерге да тажрыйбам менен бөлүшүп келем. Убагында кайын сиңдилеримдин септерин даярдап бердим. Өзүмдүн 3 кызымдын себин курак менен кураштырып бердим. Белекке көп тигип берем. Кол эмгегимди баалагандардын үйлөрүнө тигип берем. Кечээ сеп алып бардык, ал жерден дагы кол эмгектерим мактоого татыды. Ийне менен сайма да саям. Ошондой жумуштарды жасасам сергип калам», - деди ал.

Чебер апа 5 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×