Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 02.05.2019 12:00 На русском

Видео — Караколдо уран кенин казууга каршы митинг өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 2-майда Каракол шаарынын борбордук стадионунда «Урансыз Кыргызстанды өнүктүрүү» аттуу тынчтык митинги өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Митинг акын Алыкул Осмоновдун «Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт» аттуу ыры менен башталып, ага шаар тургундары, активисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышып жатат. Алар уран кенин казууну түбөлүккө токтотуп, мораторий жарыялоону талап кылууда.

Караколдук активист Алёна Хоменко ал демилгелеген «Ысык-Көлдө уран кенин казууга каршыбыз!» аталышындагы петицияга 30 миң адам кошулганын билдирди.

«21-апрелден бери «Ысык-Көлдө уран кенин казууга каршыбыз!» аталышындагы петицияны 30 миң адам колдоду. Учурда алардын саны дагы өсүп жатат. Биз премьер-министрден берилген лицензияны жокко чыгарууну өтүнөбүз. Уран кенин казуу иштерин 20-50 жылга эмес, түбөлүккө токтотуу керек», - деди А.Хоменко.

Уюштуруучулардын бири Банура Абдиева: «Ар бир кыргызстандык бул маселеге кайдыгер карабай, каршылыгын билдирүүдө. Бизге уран иштетилбейт деген кепилдик керек. Уранды казууну токтотуу шарт. Кыргызстанды урансыз эле өнүктүрсө болот», - деген пикирин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×