Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуАк-Талаа району 02.05.2019 10:53

Ак-талаалык Калмира эркин күрөш боюнча өлкө биринчилигинде алтын тагынды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын балбан кызы Калмира Билимбекова республикалык мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 1-май күнү Бишкекте өспүрүм кыздар арасында эркин күрөш боюнча өлкө биринчилиги өтүп, ага Калмира Билимбекова менен Бермет Бакытбек кызы катышкан. Мелдештин жыйынтыгында Калмира 1-орунду ээлеп, Азиядагы жана дүйнөлүк мелдешке жолдомо утуп алды. Ушуну менен Калмира өлкө биринчилигин 4-жолу жеңип жатат.

Ал эми Бакытбек кызы Бермет 3-орунду ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×