Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 02.05.2019 08:10

Акимдин кубогу: Түптө кичи футбол боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү сыйланышты

Turmush -  Түп районунда жакында ачылышы болгон кичи футбол аянтында 1-май—Бүткүл дүйнөлүк эмгекчилер күнүнө карата мекеме-ишканалар арасында кичи футбол боюнча акимдин кубогуна арналган турнир өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Оюнду Түп райондук дарыгерлер борборунун директору, КРнын «Эмгек сиңирген дарыгери» наамынын ээси Ж.Мокешов ачып бергенден кийин 12 команда акимдин кубогу үчүн ат салышты. Медицина кызматкерлеринин командасы финалда билим берүү бөлүмүнүн командасын жеңип, 1-орунду ээледи. 3-орунду райондук ички иштер бөлүмүнүн командасы, 4-орунду УКМКнын райондогу башкармалыгынын командасы жеңип алды. Биринчи орунду ээлеген командага кубок, медаль жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

«Бул турнирде Түп районунун акими Э.Жантаев өзү баш болуп футбол ойноп, көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырды», - деди Түп райондук спорт комитетинин төрагасы А.Абдыманбетов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×