Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуКара-Суу району 01.05.2019 20:54 На русском

Байгеде 1 млн сом: Кара-Сууда «Исмаил ата» фонду спорттук мелдештерди өткөрдү (сүрөт, видео)

Turmush -  Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылында салтка айланган волейбол жана кичи футбол боюнча мелдештер өттү. Спорттук иш-чара 1-май — Эмгек күнүнө жана жана 9-май — Жеңиш күнүнө карата «Исмаил ата» фонду тарабынан уюштурулган.

Аталган фонд 8 жылдан бери айыл өкмөттөр аралык жана райондор аралык мелдештерди байма-бай өткөрүп келет.

Мелдешке Кара-Суу районундагы 16 айыл өкмөттүн жана Кара-Суу шаарынын атынан 1 команда катышып, футбол жана волейбол боюнча күч сынашты. Спорттук иш-чара 29-апрель күнү башталып, финалдык беттештер бүгүн, 1-майда аяктады. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, вице-спикер Мирлан Бакиров («Өнүгүү-Прогресс»), депутаттар — Алмазбек Баатырбеков («Кыргызстан» партиясынын лидери), Нурбек Алимбеков («Кыргызстан»), Канатбек Исаев («Кыргызстан»), Таабалды Тиллаев («Республика—Ата Журт»), Бактыбек Райымкулов («Республика—Ата Журт»), Алмазбек Токторов («Кыргызстан»), Руслан Казакбаев («Республика—Ата Журт»), Жылдыз Мусабекова (КСДП), Бакытбек Жетигенов (КСДП), Жанар Акаев, Марлен Маматалиев («Республика—Ата Журт»), Абдывахап Нурбаев (КСДП), Тазабек Икрамов («Өнүгүү-Прогресс»), Алмамбет Шыкмаматов («Ата Мекен»), Улан Примов (КСДП), Алтынбек Сулайманов («Бир бол»), Тынчтык Шайназаров («Өнүгүү-Прогресс»), Таалайбек Масабиров («Кыргызстан»), Азамат Арапбаев (КСДП), Аалы Карашев (КСДП), Искендер Матраимов (КСДП) жана башка депутаттар, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Узарбек Жылкыбаев, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, экс-депутат Нариман Түлеев, Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев, парламенттин экс-спикери Ахматбек Келдибеков, ички иштер министринин мурунку орун басары Данияр Абдыкаров, ошондой эле учурдагы жана мурунку жетекчилер, ардагерлер жана жашоочулар күбө болду.

Мелдешке айыл өкмөттөрдөгү командалардан сырткары Өзбекстандын Андижан облусунан волейболчулар келип, Кыргызстандын волейбол клубдарынын арасында чемпиондукту бербей келе жаткан «Ерем» клубу менен беттешти. Ошондой эле 2017-2018-жылдары футзал боюнча Кыргызстандын клубдар аралык чемпиону болгон «Ерем» клубу мелдеште чемпион болгон команда менен өз ара беттеш өткөрдү.

Мелдештин байгесине «Исмаил ата» фондунан 1 млн сом коюлган. Аталган фодду ЖКнын депутаты Искендер Матраимов негиздеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×