Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Чүй облусуКемин району 01.05.2019 15:41 На русском

Айыл турмушу: Кеминдеги «Жыл мугалими» сынагын жеңген Б.Кусеинова чоң апасын тартып физик болгон

Бурулсун Кусеинова
Бурулсун Кусеинова
// Turmush

Turmush -  Бурулсун Кусеинова 1992-жылы Кемин районунда төрөлгөн. Ал жакында эле өткөн Кемин районундагы «Жыл мугалими-2019» сынагында 1-орунду жеңип алды. 27 жаштагы физик мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бул кесипти тандаганымдын себеби, мугалим болуу бала кезимден берки кыялым эле. Чоң апам көп жыл физика мугалими болуп эмгектенген. Физик болушума ошол чоң апам себепчи болду. Жумушум канчалык түйшүктүү болсо да, жүрөгү таза, баёо кыял окуучуларымды көрүп, бүткүл чарчоом тарап кетет. "Билим гана адамды эркин жана бийик кылат" демекчи, мен бул кесипти тандаганыма өкүнбөйм.

Ал эми «Жыл мугалими-2019» кароо-сынагын жеңип алганымда аябай толкундандым. Сыйлык берүү учурунда менде бир өзгөчө сезимдер пайда болду. Алдыга койгон максатыма жеттим десем болот. Эгерде адам талыкпай эмгектенсе, анын үзүрүн сөзсүз көрөт. Сынакка туура бир айдай даярдандым. Мени ушул даражага жеткирген ата-энеме чексиз ыраазымын. Атам өзү колумдан жетелеп барып окуткан. Экөө тең мени окутууга, терең билим алуума далай эмгегин жумшашты. Мен аларга ыраазымын», - деди ал.

Мугалим эмгек жолун 2012-жылы баштаган.

«Кемин районуна караштуу Чоң-Кемин районунун Тегирменти айылындагы Белек Солтоноев атындагы орто мектепти аяктагам. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен физика мугалими кесибин алып чыктым. 2012-жылдан бери Самудин Кудайбергенов атындагы Карал-Дөбө орто мекебинде физика мугалими болуп иштейм. Мектептеги көптөгөн иш-чаралардан калбай, активтүү катышып келем», - деди ал.

Ардактуу мугалим үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×