Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуТалас району 01.05.2019 15:23

«Позорище, будьте здоровы:» Элеттеги орус тилчи мугалим Н.Дыйканбаева жана зыңкыйган окуучулары

Turmush -  Талас районуна караштуу Калба айылынын 48 жаштагы тургуну Нурия Дыйканбаева бир нече жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айылында төрөлгөн. Кийин Таласка келин болуп келген. Мугалим болуу үчүн биринчи кесибин да алмаштырган.

«Жолдошум Жалал-Абадга чейин жүк ташуучу унаа айдап иштечү. Биз ошондо таанышып калганбыз. Буйрук экен, Талас жергесине келип болуп келип, мугалим болуп калдым. Педагогикалык эмгек тажрыйбам 7 жыл. Алгачкы эмгек жолум Ошто пахта комбинатынан башталган. Себеби Ош республикалык технологиялык техникумду аяктагам. Ал фабрикада сынактар болуп, бир топ жолу жеңүүчү болгом. Ошондой болсо дагы бул иш жүрөгүмдөн орун албагандыктан кесибимди алмаштырууга туура келди. Жаштайымдан балдарга сабак өтүүнү каалап жүргөм жана шык жөндөмүм ушул тарапка күч болгондуктан бул кесипти тандап калгам. Турмушка чыгып, Таластагы университетти аяктап, А.Солтонов орто мектебинде орус тилинен мугалим болуп иштеп келем. 2012-жыл «Жыл мугалими» сынагына катышып, 1-орунду алгам.

Бүгүнкү күндө 7-классты жетектеп келем. Балдарыма экинчи ападай мамиле кылып, алардын мыкты болуп чыгышына күч жумшайм. Буга чейин класс алган эмесмин. Мектептер аралык интеллектуалдык таймаштарды уюштуруп, жакшы жыйынтыктарга жетишип жатабыз. Сабактан тышкары маданий иш-чараларды өткөрүп турабыз. Буйруса май айынын ичинде «Акыл таймашка» даярдык көрүп жатабыз. Мыкты мугалим болуш үчүн окуткан окуучуну жана сабагын сүйүү керек. Мугалим деген айтып койгонго оңой бир сөз. Анын кыйынчылыгын жеңиш керек», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жумушундагы кызыктуу окуяларды эскерди.

«Жаңы жумушка киргенде 5-класска сабак өткөнү кирдим. Өткөн темага кайталоо жүргүзөлү деп «что такое глагол, кто мне подскажет?» десем эч ким унчукпай, баары мени карап тура беришти. Бир нече жолу кайталап, жооп жок болгондуктан «позорище» десем, бир окуучу «аа ооба, ооба позорище» деп көзүн алаңдатып, мени күлкүгө салган (күлүп).

Бир окуучу бала 5-класста окуп жүргөндө эшиктен кечигип кирип, «можно войти?» деп айтам деп шашылып кетип, «будьте здоровы» деп айтканда жалпы класс күлүп жиберген элек.

3 жыл мурун бир окуучу баланы сүйлөө кеби жакшы болгондуктан олимпиадага даярдайын деп жүргөм. Бир күнү жат жазуу жаздырсам жазуу боюнча жакшы эмес болуп чыкты. «Ещё» деген 3 тамгалуу сөздү «ишо» деп жазып, 3 ката кетиргенин көрүп бир күлсөм, экинчи жагынан ыйлагым келген. Ошол окуучу балдар азыр зыңкыйган алдыңкы балдардан болуп чыгышты», - деди ал.

Мугалим айым бош убактысында чеберчилик менен да алектенет, 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×