Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Нарын облусуЖумгал району 01.05.2019 12:56 На русском

Кызыл-Жылдызда аялдар арасында өткөн волейболдун жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында 1-май — Эмгекчилер жана 9-май — Улуу жеңиш күнүнө карата аялдар арасында «Айымдар эмгекке карай» аталышындагы волейбол мелдеши өттү. Бул тууралуу мугалим жана усулчу Гүлшат Көккөзова билдирди.

Анын айтымында, мелдешти Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы Бектур Кыдырмаев айылдык кеңештин депутаттары менен чогуу уюштурган.

Мелдешке айыл өкмөт кызматкерлери, мектеп жамааты жана бала бакчанын жамааты катышты. Жыйынтыгында 1-орунга айыл өкмөттүн, 2-орунга бала бакчанын, ал эми 3-орунга мектептин командасы ээ болушкан. Жеңишке жеткен командаларга акчалай сыйлыктар жана белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×