Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-сентябрь
Ош облусу, Ош 01.05.2019 11:43 На русском

Ошто ипотекалык 9 кабаттуу үй курулат (сүрөт)

9 кабаттуу үйдүн долбоору
9 кабаттуу үйдүн долбоору

Turmush -  Ош шаарында мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер үчүн ипотекалык 9 кабаттуу үйдүн долбоору даярдалып, атайын комиссияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык ипотекалык ишканасынын жетекчиси Кутманаалы Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, көп кабаттуу үй бардык шарттары менен курулат. Аны куруу үчүн тендердин жеңүүчүсү ушул жылдын 10-майына чейин аныкталат.

«9 кабаттуу үйдө 80 батир болот. Анын 50 пайызы 2 бөлмөлүү, 30 пайызы бир бөлмөлүү, 20 пайызы 3 бөлмөлүү болуп курулат. Аталган үй буга чейин ипотекалык үйлөрдү сатуудан келип түшкөн каражатка курула турган болду. Учурда долбоору толугу менен даярдалып бүттү. 10-майга чейин тендер жарыяланат.

Тендердин талабы — 1 чарчы метр 320 доллардан ашпаш керек. Азыр сметалык баасы аныктала элек. Үй алуучуларга 6 пайыздык үстөк менен 12 жылга берилет», - деди К.Абдрахманов.

Көп кабаттуу үй 28 сотых жерге салынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×