Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуМанас району 01.05.2019 11:15

Таласта милициянын ардагерлеринин арасында спорттук мелдештер өттү

Turmush -  Кечээ, 30-апрелде Манас районунун Покровка айылында Талас ОИИБдин ардагерлери чогулуп, шахмат, волейбол боюнча мелдеш өткөрүштү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

«Салтка айланып, жылына өтүүчү мелдештерге ардагерлер быйыл дагы активдүү катышты. Облуста 400гө жакын ардагер бар. Алар коомдук тартипти сактоого азыр да салым кошуп келишет. Мелдеште 1-орунду Талас ОИИБдин ардагерлери, 2-орунду Кара-Буура РИИБдин ардагерлери, 3-орунду Бакай-Ата РИИБдин ардагерлери ээледи», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×