Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 01.05.2019 11:08

Ошто ага-ини чырдашып, бирөөсү бычакталды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында эки бир туугандын ортосунда чыр чыгып, иниси агасына бычак сайган. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя 28-апрель күнү болгон. Эки бир туугандын кичүүсү улуу агасын — 1974-жылы туулган Б.К.ны бычак менен сайып, ал алган жаракатынан улам Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Ооруканада 2 күн дарылангандан кийин үйүнө чыгып кеткен. Бирок өзүн жаман сезип жатканын айтып, 30-апрель күнү өз үйүндө каза болгон.

Кылмышка шектелип анын 1982-жылы туулган бир тууган иниси кармалды. Учурда ал күнөөсүн мойнуна албай, ошол күнү мас болгондугун жана окуяны эстей албай турганын айтууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, эки бир туугандын ортосундагы чыр үй-бүлөлүк маселелерден улам чыккан. Маркумдун денеси соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлүп, аталган факты боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ош шаардык ооруканасы билдиргендей, маркум Б.К. ооруканага 28-апрель күнү саат 12:30 чамасында колунан жана көкүрөгүнөн бычактан алган жаракаты келген. Ага тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп, жаракаты тигилген, бирок ал ооруканага жатпай, үйүнө кетип калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×