Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Талас облусуТалас району 01.05.2019 10:43

Айыл турмушу: Таластык чебер С.Качкынбаева ар кандай кийимдерди токуп сатууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Кырк-Казык айылынын 35 жаштагы тургуну Самара Качкынбаева ар кандай кийимдерди токуп сатат. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Беш-Таш айылында төрөлгөн.

«Чеберчиликти балдарга кийим токуудан баштагам. Буйрутма бергендерге дагы токуп берем. Тигүүчүлүк кесипке ээ болбосом дагы кичине кезимде апамдан токуунун жолдорун үйрөнүп алгам. Керектелүүчү жиптерин сапатына карап базардан сатып келип коём. Сапаттуусу болсо андан чыккан буюмдун дагы өңү өчпөй, көпкө колдонулат. Азыркы кезде токуунун түрлөрү боюнча тандоого жакшы шарт түзүлгөн. Башында токуунун жөнөкөй түрлөрүн билсем, азыр татаал ыкмаларын интернет булактарынан карап, кооз кийим-кечелерди токуй алам. Гүл түшүрүп, кыздарга көйнөк, чермий, башкача айтканда байпактан баштап баш кийимге чейин даярдап берем. Байпактар дагы далай түрлөргө бөлүнөт.

Көбүнчөсүн белекке токуйм. Бала көрүп барганда синтетика кийимдерден көрө таза жана нукура жиптен кийим токуп барам. Такай отуруп токуганда бир кийимди 1 күндө бүтүп коём. Үй тиричилик менен кошо жүрүп бул ишиме дагы жетишем. Азыр улуу кызым да токуп үйрөнүп жатат», - деди ал.

Самара айым 1 уул, 3 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×