Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуКара-Буура району 01.05.2019 09:16 Жаңыланды: 07.05.2019 23:56

Айыл турмушу: Кара-бууралык уста Б.Боромбаев мештерди, мончолорду салып иштеп жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районундагы Шекер айылынын 42 жаштагы тургуну Бектур Боромбаев 20 жылдан бери үйлөргө меш орнотуп, элге кызмат кылып келет. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, устачылыкка бала кезинен эле кызыгат.

«20 жылдан бери үйлөргө меш жасап иштейм. Андан тышкары мончолорду куруп калам. Эл «силердин каныңарда устачылык бар» деп айтып калат. Меш жасаганга өзүм эле кызыгып үйрөнүп алгам. Мешти 5000 сомдон салам. Үйрөнгүсү келген адам үйрөт десе жок дебеген кишимин. Үй ээси деле мен меш куруп жатканда көрүп, «бул жерин кандай кылат?» деп сураса эч жашырбай баарын түшүндүрүп айтып үйрөтөм. 3-4 адамга меш жасаганды үйрөткөм.

Устачылыкка жаңы аралаша баштаганда Казакстанга жумуш боюнча барып, 4 бөлмөнү 1 айда шыбап бүткөм. Азыр эстесем күлөм. Анткени азыр 4 бөлмөнү 3 күндө эле бүтүрүп коём (күлүп). Азыр евромештерди жасап элге кызмат кылсамбы деп жатам. Бирок азыркы учурда бардыгы эле үйлөрүнө жылытуучу система киргизип, жөнөкөй мештердин ордуна темир мештерди жасатып жатышат. Кардарлардын саны да азайды. Учурда үй, мончо жана башка нерселерди куруп иштеп жатам», - деди ал.

Бектур уста 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×