Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Нарын облусу, Нарын 01.05.2019 09:09

Нарында мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында кичи футбол уюштурулду

Turmush -  Нарын шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында «Нарын ынтымагы» аталышындагы кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Нарын шаарынын мектептеринин башын кошкон бул мелдеш төртүнчү ирет уюштурулуп жатат. Ага 30 команда катышып, өздөрүнүн спорттогу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү. Команда мүчөлөрүнүн улуу мууну 1966-жылы туулгандар болсо, кичүү мууну 1996-жылкылар.

Бул жолу 1975-1985-1995-жылы туулган бүтүрүүчүлөр мелдешти уюштуруу иштерин жүргүзүштү. Уюштуруучулар тарабынан жеңүүчүлөргө кубок, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле мелдештин аягында бүтүрүүчүлөр сүйлөшүп, 1974-1984-1985-жылкы бүтүрүүчүлөр «Ала-Тоо» стадионун реконструкциялоого жана быйылкы уюштуруучулар кичи футбол аянтынын эки жак капталына көрүүчүлөр үчүн отургучтарды алып берүүгө жардам бермей болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×