Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуКара-Буура району 30.04.2019 16:26

Таластын Бакыян айылында жаштар үчүн спорттук мелдеш өттү

Turmush -  Кечээ, 29-апрелде Кара-Буура районунун Бакыян айылында жаштар үчүн спорттук мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдын башчысы Нургазы Асылбеков билдирди.

«Биздин айылыбызда Кыргызстан боюнча Азиянын чемпиону болгон 4 балбаныбыз бар. Биз ошолордун урматына деп атайын турнир өткөрдүк. Турнирдин максаты — жаш муунга үлгү болуу жана жаштарга стимул берүү. Айылдан чыккан балбандар менен айыл эли сыймыктанып келишет. Балбандарыбызга урмат-сый көрсөтүп, бирден тай мингизип, грамоталарды тапшырдык. Айыл өкмөттүн бюджетинен 45 миң сом акча бөлүнсө, атайын демөөрчүлөр тарабынан 70 миң сом чогулду», - деди ал.

Аталган айылдан Жамбулов Бекжан, Орозбек уулу Ислам, Турсунбек уулу Дамирбек, Кадыр уулу Бактыяр аттуу балбандар чыккан. Балбандардын экөө кыргыз күрөштөн, экөө эркин күрөштөн ийгиликтерди багындырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×