Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуТалас району 30.04.2019 15:06 На русском

4 баламдан, жолдошумдан ажырадым: Элеттеги мугалим Ф.Карабаеванын арманы, темирден бекем эрки жана эмгеги

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 48 жаштагы тургуну Фарида Карабаева айым мугалимдик кесипти аркалап, 5 жылдан бери балдарга бий ийриминен дагы сабак берип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Уулболсун деген атымды Фарида деп өзгөртүшкөн

Мен Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылында жылкычынын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам жылкычы, апам боз үй көтөрүп чеберчилик менен алектенчү. Өзүм 11 тууганмын. 9 кыз, 2 уулбуз. Кыздардын төртүнчүсү менмин. Менин чыныгы атым Уулболсун. Эжелеримдин аттары дагы уул деген сөздөн башталат. Менден кийин артымдан бала келген. Ошол убакта Уулболсун деп жүрүп, артынан уул келди деп аябай сүйүнүшкөн экен. Ошол убакта Фарида деген ысым жаңы чыгып, мода болуп жаткан. Анан үйдөгүлөр «мындан ары Уулболсун дебей, Фарида деп жүрөлү» деп атымды Фарида деп коюшкан экен. Азыр мени көпчүлүгү Фарида деп тааныйт. Өзүмдүн документтеги ысымымды чанда гана адамдар билет.

Ата-энем жээнине турмушка узаткан

1989-жылы орто мектепти аяктадым. Ата-энем сөөк жаңырталы деп жээнинин баласына турмушка беришти. Менин ата-энем кайын журтума тайке болот. Жолдошум Алымбек Сүйүнбаев кесиби боюнча эсепчи болчу. Үйдүн кичүү баласына турмушка чыккандан кийин жогорку окуу жайга кеч бардым. Жолдошумдун жардамы менен мугалимдик кесипке ээ болгом. Экөөбүз 8 балалуу болдук.

4 баламдан, жолдошумдан ажырадым

Тилекке каршы 4 балабызды жерге бердик. Ооруп, кырсыктан каза болуп калышты. Эми гана өзүмө келип жашап келе жатканда 2017-жылы жолдошум Алымбек жол кырсыктан каза болуп калды. Кыйынчылык жашоомду айтсам жомок болот. Артында калган 4 баласын багып, аларга тарбия берип, атасы жок дедирбей эч нерседен кем кылбай багуу үчүн 2 жылдан бери болгон аракетимди жумшап, далбастап келем.

Мугалимдиктен тышкары дыйканчылык, кол өнөрчүлүк менен да алектенем

Өзүм айылдагы мектепте башталгыч класстын мугалимимин. Бир гана мугалимдик кесипти аркалап калбастан өзүмдү ар кандай иштер менен сынап келем. Дыйканчылык, малчылык жана кол өнөрчүлүк менен алек болуп келем. Биздин айылда мал көп. Мал көп болгон жерде кык да көп болот эмеспи. Мен ошол кыктарын жөн эле ыргытып койбостон жер семиртип келем. Жер семиз болсо түшүм дагы жакшы болот. Андан сырткары кол өнөрчүлүк менен отурам.

Бир туугандардын тамадасы менмин

Өзүм кичинекей кезимден бери ыр-бийге кызыгам. Эсимде 5-6 жаш кезимде өзүмдөн кичүү, өзүм менен тең, өзүмдөн улуу кыздар-балдарды чогултуп, өзүм чоң таштын үстүнө чыгып алып уйгактын жалбырагын микрофон кылып ырдап, алып баруучу болуп, аларга концерт коюп берер элем. Кыз бир туугандардын тогузубуз тең ыр-бийге жакынбыз, жакшы ырдайбыз. Бирок өкүнүчтүүсү бирөөбүз да ырчы болуп чыккан жокпуз. Өзүм дагы бул нерсеге таң калам. Азыр бир туугандар чогулуп калсак мен сөзсүз тамада болом. Мени тамада кылып шайлап коюшкан. Бир туугандар арасында кандай той болбосун тойлорун алып барам. Өзүбүз ырчыбыз, өзүбүз бийичибиз, атайын деле ырчы-бийчилерди жалдап убара болбойбуз (күлүп).

Окуучулар менен иштеп алаксыйм

Негизи кичинекей балдар менен иштешкенди жакшы көрөм. Көпчүлүк убактымда алар менен өткөрөм. Ошолор менен алаксыйм. 5 жылдан бери окуучуларга бийден сабак берип келем. 15 окуучум бар. Көбүнчөсү 9 жаштагы окуучулар. Жумасына 2 күн бий үйрөнүп кетишет. Шыктуулар бат эле үйрөнүп кетет. Музыкага жараша бий үйрөнөбүз. Ар кандай кароо-сынактарга чыгып, бийлеп келебиз.

Балдарым аман болушсун

Азыр 3 уул, 1 кызым бар. Кызым турмушта, 3 баласы бар. 1 уулум үйлөнгөн. Үчүнчү неберемди күтүп жаткан учурум. 2 балам мектеп окуучулары. 90 жаштагы кайын атам колумда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×