Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Нарын облусуКочкор району 30.04.2019 09:49

Кочкордо соттор арасында өткөн футбол боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда сот кызматкерлеринин футбол боюнча турнири болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Кочкор районунда Нарын облусунун сот кызматкерлеринин арасында кичи футбол боюнча кезектеги турнир жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Аталган мелдеш өткөн жылы спортту өнүктүрүү, жайылтуу жана ынтымакты бекемдөө багытында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын кубогуна карата республикалык мелдешке даярдык көрүү максатында уюштурулган.

Тоолуу аймакта 3-жолу өткөрүлүп жаткан бул турнирди Кочкор райондук соту демилгелеп, уюштуруп беришти. Ага жалпысынан тогуз команда катышты. Мында мурдагы мелдештерден айырмаланып, судьялар өзүнчө команда менен чыгышты.

Турнирдин финалында Ак-Талаа району менен Жумгал районунун командалары беттешти. Натыйжада турнирдин өтмө кубогу менен акчалай сыйлыгын Жумгал райондук сот кызматкерлери жеңип алышты. Ал эми үчүнчү байгелүү орунду Нарын райондук соту менен райондор аралык сотунун кошмо командасы багындырышты. Мындан сырткары мелдештин шартында көрсөтүлгөн «Мыкты дарбазачы», «Мыкты коргоочу», «Мыкты чабуулчу» сыяктуу номинациялар боюнча да татыктуулар аныкталып, акчалай сыйлыктарга жана дипломдорго ээ болушту.

Кичи футбол боюнча Нарын облусунун сот кызматкерлеринин арасындагы өтүп жаткан мелдештер квартал сайын уюштурулуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×