Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Нарын облусу, Нарын 30.04.2019 08:00

Нарындык жаш бийчилер Түркиядагы эл аралык фестивалга катышууда

Turmush -  Нарындык балдар 23-апрель — Балдар күнүнө карата Түркиянын Люлебургаз шаарында өткөн эл аралык фестивалга катышып келишти. Бул тууралуу балдарды алып барып келген Кенжегүл Муканбетова билдирди.

Анын айтымында, фестивалга Болгария, Казакстан, Румыния, Кытай, Кыргызстандан барган балдар катышты. Нарындык 24 бийчи «Кыргыз бий» менен «Саринжи Бөкөй» бийин бийлеп беришти.

Аталган балдар Нарын шаарындагы искусство мектебинде жана «Наристе» бийчилер тобунда атайын ийримге катышат. Аларга фестивалдын уюштуруучулары тарабынан медалдар тапшырылды. Фестивалга баргандардын ичинен 12 бийчи кайтып келсе, экинчи тобу Стамбул шаарында 26-апрелден 5-майга чейин өтүүчү ТҮРКСОЙ фестивалына катышып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×