Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Талас облусуТалас району 30.04.2019 09:02 На русском

Кырылган айылдаштар, орус аялы бар адамга баш кошуу, 5 бир туугандан ажыроо: 103 жаштагы Шайырбү апанын катаал тагдыры. Сүрөт

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 103 жаштагы тургуну Ибраимова Шайырбү апанын жаштыгы согуш жылдарына туш келип, башынан көп кыйынчылыктарды өткөргөн. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кылым карыткан ападан кабар алды.

Ачарчылыкка туш келген балалык

Мен Талас районунун азыркы Сасык-Булак айылында төрөлгөм. Мен жарыкка келгенде элдин жашоо шарты начар болуп, кыйналып турган кези экен. Биз анда бир топ үй-бүлө чогуу жашачубуз. Мен 5 эркек бир туугандын арасында жалгыз кыз болуп чоңойдум. 1932-жылы жегенге тамак-аш жок, элдин көбү ачарчылыктан кырылып калган учурда менин атам да кайтыш болуп кетти. Мен анда 16 жаштагы кыз элем. Чоң апабыз эмнегедир атам өлгөндөн кийин эле апамды жактырбай, 6 баласын алып калып, өзүн төркүнүнө кууп жиберген. Мен ошондон тарта апамды бир жолу көрбөй, «апа» деген сөздү айтууга ашыгып жүрдүм. Бизди болсо атамдын иниси багып алды. Анын өзүнүн дагы көп баласы бар болчу. Акем агамдын балдары деп бооруна басканы менен жеңем жактырбай, бөлөксүнтүп турчу.

Өзүмдөн 25 жаш улуу адамга турмушка чыктым

Ал убакта азыркыдай окуу деген түшүнүк жок. Бул жерде жеңеме жаман көрүнүп отурбайын деп өзүмдөн 25 жаш улуу кишиге турмушка чыктым. Анда деле жыргап кеткен турмуш жок. Ата-энебиз менен чогуу турабыз. Тун уулум Борош төрөлгөндөн кийин жолдошум экөөбүз балабызды кайын энеме берип, азыркы Чүй каналын казуу иштери жүрүп жатыптыр, ошол жакка канал казганга жумушка кирдик. Ал учурда азыркыдай техника деген нерсе жок, кол менен казып чыктык. Бизди жумуштан кайра эле бошотуп койду. Көрсө 1941-жылы согуш башталып, жумуштар токтоп жаткан экен.

Согушка кеткен күйөөмдүн өлгөнүн же тирүүсүн билбей жүрдүк

Канал казып жүрүп ызы-чуу согушту уккан элдин үрөйү учуп, бет алган жайдан эле өздөрүнүн айылына кетүүгө жан далбасташты. Биз дагы жолдошум экөөбүз жөө-жалаң Чөңөрдү ашып өтүп, Таласка келгенбиз. Андан көп узабай эле жолдошума аскерден чакыруу кагазы келип, согушка кетти. Ошондон кийин өлгөнүн же тирүүсүн билбей колхоздо иштеп жүрдүк.

Жарда өскөн сары чайды кайнатып ичкен күндөр болду

Кийгенге кийимибиз жок же ичерге тамак-ашыбыз жок. Колубузга тийген нерсени эле фронтко деп жиберебиз. Таң азандан чыгып орукка киребиз, кеч күүгүмдө кайтабыз. Бала-чаканы үйдө караган киши жок, аларды дагы ишке алып барабыз. Балдарга бергенге тамак жок, ороп эле арыктын жээгине жаткырып коёбуз. Кичине ишке жарап калгандары биз менен кошо машак терип, талаада жүрүшөт. Өзүбүздү өзүбүз жубатып, күн шашке болгондо жардын боорунда өскөн сары чай чөптү чогултуп келип, кайнатып, карандай эле ичип алабыз. Эгер 30-40 сотых жерди 1 күндө оруп бүтүрсөң алакандын жарымындай нан берет. Аны көтөрүп алып, үйдөгү балдарга сүйүнүп келебиз. 2-3 үй биригип, эч кимге көрүнбөй бир алакан толо арпа оруп келебиз. Аны бекитип жаргылчактан өткөрүп алып, кесегинен көйө жасап, майдасынан нан кылабыз.

Кырылган айылдаштар

Айылда оор жумуштарды кылганга эркек киши калбай калды. 3 эле аксакал калган. Алар бизге чалгы чыңап беришет, биз чөп чабабыз. Же жуунбаса же оңдуу тамак ичпесе адам жүдөп, алсырай түшөт. Бит басып, башыбыздан бери куюлуп калган. Анысы аз келгенсип ич келте оорусу жайылып, айылдагылардын бир тобу ал оорудан кырылып калды. Аларды көмгөнгө же алдуу-күчтүү эркек киши жок. Аялдар барып жайын казып, өзүбүз көтөрүп ичине түшүп, коюп чыгабыз. 1 күндө 3-4 сөөктү жерге беребиз. Адамдын сөөгү да оор болуп калат экен, аялдар алыбыз жетпей кыйналчубуз. Анысы аз келгенсип алмак-салмак кара кагаз келип, элдин эсин оодарды. Ошол жылы кыш дагы катуу болуп, тоют жок болду. Жазга араң жетип, кайрадан себүү иштери башталды. Тапкан-ташыганыбызды аскерге жөнөтүп, согуштун бүтүшүн тиленип жүрдүк.

Согушта күйөөмдөн, 5 бир тууганымдан айрылдым

Бир күнү эртең менен бүт колхозду жыйынга чакырышты. Ал жерден согуштун бүткөнүн, СССР жеңгенин укканда кубанычтан өкүрүп-өксүп ыйлаган аялдардын ыйы, «ээ эгем ушул күндү алып берген өзүңө ыраазымын» деп боздогон үндөр ушул күнгө чейин кулагымда жаңырып турат. Согуштан аман калгандар жерлерине кайтып келип жатты. Менин 5 бир тууганымдан, жолдошумдан кабар жок кетти. Аларды ойлосом кабыргам сөгүлүп, жүрөгүм канап кетет.

Күйөөм согушта курман болуптур, баламды чоң энесине бердим

Бир күнү коңшу келиндер эски кара кагазды колума карматышты. Көрсө күйөөм аскерге кеткенден кийин 3 айдан соң эле курман болгон экен. Ошончо көргөн кордуктан кийин жетимимди (баласы Борошту) жетелеп жалгыз калдым. Бир туугандарымдан эч кабар албай, төркүнсүз, жөлөгөн жөлөгүм жок жесир атыктым. Кийин кайын энем Борошту менден сурап, «Баламдан калган жалгызды мага бер. Сен али жашсың, турмуш куруп кет. Дагы көп бала көрөсүң» деди. Апамдын сөзүн туура көрүп, баламды ага таштадым.

Орус аялы бар адамга экинчи аял болуп тийдим

Кийин Арал айылындагы Абылай атуу кишиге экинчи аял болуп тийип кеттим. Ал учурда Абылайдын орус аялы бар болчу. Согуштан келип, экөө жашап жатышкан экен. Согуш учурунда Абылай орустун токоюнда жарадар болуп, кансырап жаткан жеринен орус аял таап алып, жаракатын айыктырып, багып жүрүптүр. Кийин экөө баш кошуп алышкан экен. Экөөбүз эч жаман айтышпай чогуу жашадык. Бири-бирибизге ынак болдук. Жашоо-шартыбыз дагы оңолуп, жыргап калдык.

Жолдошум кайтыш болуп, орус аялы Москвага кетип калды

Жолдошум 1987-жылы кайтыш болуп кетти. Андан кийин орус аялы 3 баласы менен Москвага кетип калды. Азыркы учурда балдарым Москвадагы аталаш бир туугандары менен сүйлөшүп турушат. Колумдагы Медеркан балам алардан кабар алып, мага айтып турат. Жакында эле улуу кызы кайтыш болду деп уктум.

7 баланы чоңойттум

Өзүм 7 баланы тарбиялап өстүрдүм. Баланын жамандыгын ата-эне көрбөсүн дейт. Ага чыдаш кыйын экен. 7 баламдын бирин ажал торуп, жерге жердик. Балдар ата-энени көмсүн деген сөз чын экен. Азыр буйруса баары жакшы. Жаратканым 103 жаш берип, минтип жарыкты көрүп отурам. Ден соолугум жакшы, балдардын төрүндө бактылуу карылыкты сүрүп жатам. Колхозго кылган эмгегим үчүн 5000 сом пенсия алам. Мындан кийин эч согуш болбосун. Кыргыз элимде тынчтык, ынтымак, токчулук болуп, жаштар өмүрлүү элдин керегине жараган балдар болсун.

Шайырбү апа 7 баланын, 32 неберенин, 62 чөбөрөнүн, 6 кыбыранын энеси.

Шайырбү апанын уулу Медеркан мырза: Апам 7 баланы, ага кошуп орус энебиздин 3 баласын тарбиялап чоңойткон баатыр аял. Өзү жаштайынан кыйынчылыкты башынан кечирип, бизди да ушул эрезеге жеткирип отурат. Апам ар бир сөзүндө эл-жерге тынчтык каалап, бизге «эл үчүн жан үрөп иштегиле, мекенчил болгула» деп көп айтат. Биз азыр чоң үй-бүлөбүз. Ал үй-бүлөбүздүн башында кайраттуу апабыз баарыбызга ак батасын берип, кеңешин айтып отурат. Аллахым дагы өмүр берсе апамдын ак сүтүн актай албасак дагы алкыш сөзүн угуп, кызмат кыла беребиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×