Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 29.04.2019 17:36

Ак-Талаада ак-талдык кыз-келиндер менен үгүттүк жигиттер сармерденде беттешти

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылында маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган «Кыз-жигит» сармерден оюну айыл аймактар арасында өткөрүлүүдө.

Бул маданий иш-чаранын максаты Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата улуттук маданиятты көтөрүү, айыл ичиндеги таланттуу адамдарды эл алдына алып чыгуу болуп саналат. Ушул иштин алкагында Ак-Тал айылынын кыз-келиндери менен Үгүт айылынын жигиттери ортосунда бүйүр кызыткан беттеш өтүп, калыстар тарабынан Ак-Тал айылынын кыз-келиндерине мыкты даярданган деген баа берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×