Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Талас облусу, Талас 29.04.2019 18:10 На русском

Айыл турмушу: Таластык мугалим Р.Расылканова тентек баланы сахна менен мыкты окуучуга айланткан (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 38 жаштагы тургуну Райма Расылканова 16 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келе жатат. Аймактык кабарчы мугалим менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Кырк-Казык айылында чоңойгон. Кесиби боюнча англис тилчи мугалим.

«1998-жылы мектепти аяктап, Талас мамлекеттик университетиндеги чет тилдер бөлүмүн 2003-жылы аяктагам. Ошол жылдан бери эле Талас шаарындагы А.Чолпонкулов атындагы орто мектебинде эмгектенип келе жатам. 2010-жылдан бери мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучу адис болуп иштеп келем. Мектепте башында англис тилинен сабак берчүмүн. Алгачкы окуучуларым такыр эсимден кетпейт. 11-класска жаңы сабак бере баштаганымда мени урушуп, сабактан чыгып кетип калган окуучулар болгон. Ал балдардын арасынан кийин жолугуп калгандары кечирим сурап жүрүштү. Жылдар өтүп такшалып, тажрыйбанын, эмгектин арты менен окуучулардын жүрөгүндө калат экенсиң. Кийин өзүм класс алган убакта класстагы ар бир баланын психологиясын билип, алар менен дос катары чогуу жүрүп иштедим. Ата-энелерине айтпаган сырларын мага айтышчу. Окуучуларга билим, жаңы нерсе үйрөтүү менен эле чектелбестен көп учурда жоопкерчиликке үйрөтүүгө аракет кылам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле мектептеги эсинде калган окуяны эскерди.

«9-класста класска жаңы кошулган окуучубуз тентек чыкты. Бейбаштык болсо эле ошол баланын аты чыгат. Бир дагы мугалимдин тилин албайт. Ал таенесинин колунда чоңойгон бала болчу. Байкуш таенесине жалаң гана «ызы-чуу болду, сиздин балаңыз» деген чакыруулар болчу экен. Менин классыма жаңы келгенде өзгөчөлөнүп бейбаштык жасап, өзүн көрсөтүү менен убара болуп жатканын көрдүм. Бизде ошондо мектепте «Кош жылдыз» аттуу сынак уюштуруп жатканбыз. Мен аны менен сүйлөшүп, ошол сынакка катышууну сунуштадым. Ал ырдай албаса дагы шыр эле макул болду. Аны менен сабактан кийин 1 жума бою даярданганбыз. Кечинде WhatsApp аркылуу ырдап жөнөтөт. Мен угуп көрүп, «бул жериңди оңдо» деп кайра жөнөтөм. Айтор сынактагы номурун мыкты деңгээлде аткарып, баш байгени алган. Ал жерге таенеси келип, ыйлап, кубанган болчу. Ошол сынакты жеңип, башка окуучулар абдан колдогон соң өзүнүн баркын көтөрүп, аябай алдыга жылыш болду. Ал окуучум 11-класста мектепке президент болуп, бардык тапшырган иштериңди так жасап, окуусун жакшы аяктады. Спорт боюнча республикалык мелдештерде байгелүү орундарды да камсыздады. Акыркы коңгуроодо таенеси келип, мени кучактап рахматын айткан. Мындай окуучулар көп. Ар бир бала эмнеге жөндөмдүү экенин билүү керек. Кесиптештерим тентек баланын көбүн «сахна төрүндө тарбияладың» деп күлүп калышат», - деди ал.

Мугалим айым жолдошу экөө 2 уул, 1 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×