Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусу, Кара-Балта 29.04.2019 17:12 На русском

Кара-Балтада самбо боюнча Чүй облусунун ачык чемпионаты өттү

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында самбо боюнча облустук ачык чемпионат өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй облусунун башкы машыктыруучусу Эмил Абдралиев билдирди.

«28-апрелде өспүрүмдөр арасында Чүй облусунун ачык чемпионаты болуп өттү. Мелдеш Чүй облусунун самбо федерациясынын президенти Мурат Арстанбеков агабыздын жана Чүй облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулду. Чүй облусундагы аймактардан келген спортчулардан сырткары Нарын менен Ысык-Көл облусунан келген спортчулар да өз күчтөрүн сынап кетишти», - деди ал.

Аталган мелдешке жалпы 120 спортчу катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×