Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 29.04.2019 15:37 На русском

16 жаштагы Айгерим — Ош шаарындагы эң сулуу кыз (сүрөт)

Айгерим Абдрахманова
Айгерим Абдрахманова

Turmush -  «Ош сулуусу-2019» сынагынын баш байгесин 16 жаштагы Айгерим Абдрахманова жеңип алды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Байэл Матисаков аймактык кабарчыга билдирди.

Кечээ, 28-апрель күнү Ош шаарындагы «Кыргызстан» кинотеатрында шаардык жаштар комитети тарабынан «Ош сулуусу-2019» сынагы уюштурулган. Б.Матисаковдун айтымында, сынакка 16 жаштан 22 жашка чейинки 15 кыз катышкан.

«Сынак жогорку деңгээлде өттү. Катышуучулар саламдашуу, флешмоб, талант, улуттук жана кечки стиль программалары боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты. Анын жыйынтыгында баш байгени Ош шаарындагы №3 М.Ломоносов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Айгерим Абдрахманова жеңип алды. Ал эми 1-орунга 18 жаштагы Жасмина Нурдинова ээ болсо, 2-орунду Аделина Исмаилова, 3-орунду Танзиля Таалайбекова алып, 10 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болушту. Башка катышуучуларга дагы ар түрдүү номинациялар ыйгарылып, белектер берилди», - деди Б.Матисаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×