Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Талас облусуКара-Буура району 29.04.2019 15:53 На русском

Айыл турмушу: Кара-бууралык С.Доулова апасынын жолун жолдоп, чеберчиликти аркалап келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 38 жаштагы тургуну Сабира Доулова бир нече жылдан бери кол өнөрчүлүктү аркалап келе жатат. Аймактык кабарчы тигүүчү айым менен таанышты.

Анын айтымында, ушул эле айылда чоңойгон. Кесиби боюнча тигүүчү.

«10 жылдан ашык убакыттан бери кол өнөрчүлүк менен айыл элине кызмат кылып келем. Кийимдерди кыскартып, узартып, чыптамаларга чейин тигип, төшөктөрдү курап, заманбап пардаларды тигем. Менин жумушум мамлекеттик жумушка окшош. Таң заардан тигүүчү машинеме отурам. Ортодон үй жумуштарын кылып, кайра ишиме кайтып келип, кечке жуук бошойм. Кол куушуруп, бекерге убакытты кетирип отура бербестен тигүүчүлүк менен каражат таап келем. Апам чебер киши, азыркы кезде баарын тигип, шырдак шырыйт. Апамдын жолун улап келем. Шырдак жасаганды турмушка чыкканга чейин апамдан үйрөнгөм.

Кайын энемден калган тигүүчү машине менен көп жумуш бүтүрөм. Пардага буйрутма бериле турган болсо ага керектелген кездемени кардарлар өздөрү алып келет. Анткени анын кездемеге болгон табити канчалык экени мага ачык көрүнбөйт. Мен фасонун гана сурайм, ошого жараша тигип берем. Азыркы пардалардын майда жумуштары көп. Шакекче, шуру, мончокторду тагуу же желимдөө керек. Бул боюнча жасап берген жумушума баа койбойм. Тиктиргендер канча акы берсе ошого шүгүр деп ала берем (күлүп). Бүгүнкү күндө тигүүчү машинем менен убактым өтүп жаткандыктан кийиз иштерине аралаша элекмин. Буйруса нукура жүндөн кийиз жасап, шырдак даярдоону максат кылып отурам. Себеби бир убакытта жалаң кийизден арылып кеттик эле. Көрсө анын баркын анчейин биле бербептирбиз. Ал жылуу, чыдамдуу болот. Бир жер төшөктү 3-4 саатта бүтөм. Башка жумуштарды кошо жасасам анда 1 күндө даярдап коё алам. Буйрутмалар айыл ичинен эле келет.

Эң алгачкы кол эмгегим 8-класста болгон. Бир түстөгү кездемеден кофта тигип алып, мектепке кийип жүрдүм. Ал кофтам жакшы чыккандан кийин тигүүчүлүккө кызыгуум күчөп калган. Бүгүнкү күндө бала-чакама кийимдеринин көпчүлүгүн сатып албастан өзүм тигип берем. Бул кесипти аркалап калганыма сыймыктанам. Канчалаган элдин буйрутмаларым аткарам. Үйдөн бычып алып өзүм тиге берем. Даяр мата алып, шырылган чыптамаларды тигип сатам. Чоңдор үчүн 800 сомдон, балдарга 500 сомдон сатам. Жумуш оор эле, бөйрөккө, көзгө күч келет. Оңой эмес, бирок кирип-чыгып тыйын-тыпыр табам. Кызым 10 класста окуйт. Ал «машине менен кийим тиккенди үйрөтүңүзчү» деп жүрөт. Менин жолумду жолдойт деп ойлойм. Андан башка ушул тегеректен 1-2 келинге үйрөтүп келем», - деди ал.

Тигүүчү айым 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×