Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуКара-Буура району 29.04.2019 14:51

Айыл турмушу: Кара-бууралык Д.Кадыров койлорду багып, 500 миң сомго чейин киреше таап жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 31 жаштагы тургуну Дастан Кадыров мал багып, жылына 500 миң сом киреше табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, мал чарбаны алгач атасы түптөгөн.

«Союз тараганда атам мал чарба түптөгөн. Мен аны 10 жылдан бери жетектеп, малдын ысыгына да, суугуна да чыдап, элден кем калбай эмгек кылып келебиз. Малды кашарда багабыз. 200дөн ашуун кой, 12 уй бар. Алардын тоюттарын камдап алабыз. 4 гектарга жакын жерге тоют үчүн чөп эгем. Оңой жумуш жок, баарына чыдап иштеш керек. Ага кошулуп ар кандай көйгөйлөр жаралып калат. Мал ооруп же бир жерин кокустатып алат. Ошону менен алышып, алар менен бирге азабын тартабыз. Насыя алып, малыбызды асылдандырганбыз. 3 жыл мурун 100 миң сом насыя алгам. Төгүп бүтүп койгом, пайдалуу болду.

Жылына 500 миң сомдун тегерегинде пайда көрөбүз. Койлор майда жандык болгондуктан жанында дайыма жүрүп, жакшы карашыбыз керек. Ошондуктан 1 жумушчу бар. Ал экөөлөп карайбыз. Айлык акы орточо эсеп менен 7000 сомдон өйдө болот. Мээнеттенген ишибизге карата пайдасын көрөбүз. Койлор оорубаса эле карап бакканыбызга карата төл беришет. Жүн кыркында кыркынчы алам. Койлордон же эркек козулардан Талас ичиндеги базарларга алып чыгып сатабыз», - деди ал.

Дастан мырза 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×