Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Нарын облусуАт-Башы району 29.04.2019 11:29

Ат-Башыда спорттун 8 түрү боюнча республикалык турнирге тандоо туру башталды

Turmush -  Ат-Башы районунда спорттун 8 түрү боюнча республикалык турнирге тандоо туру башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, тандоо туру «Дени сак улут — күчтүү мамлекет» ураандын алкагында өтүп жатат. Учурда футбол жана волейбол оюндары башталды. Андан кийин кол күрөш, кыргыз күрөш, таяк тартыш, тогуз коргоол, ордо оюндары боюнча мелдештер өтөт. Ат-Башы району боюнча спорт инструктору Бактыбек Садыков билдиргендей, быйыл турнирлерге ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар дагы катыша алышат.

«Иш-чаранын башкы максаты — айыл жаштарын спортко тартуу, ар кандай жаман адаттардан арылтуу. Учурда кыздар жана балдар арасында волейбол, футбол боюнча оюндар өтүүдө. Андан кийин кол күрөш, кыргыз күрөш, таяк тартыш, тогуз коргоол, ордо оюндары старт алат. Мелдеш биринчи райондук, облустук, андан соң республикалык деңгээлде өтөт», - деди ал.

Мелдеш 15-майда облустук, 28-майда республикалык деңгээлде өтмөкчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×