Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Баткен облусу, Исфана 28.04.2019 14:29

Исфанада кичи футболдун жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктарга ээ болушту

Turmush -  Исфана шаарында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Исфана шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-апрель күнү Исфана шаарында жаштарды ынтымакка, достукка чакыруу жана ден соолукту чыңдоо максатында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлгөн. Ага 15 команда катышып, кичүү муундар арасында 1-орунду 1985-жылкылар, 2-орунду 1993-жылкылар, 3-орунду 1989-жылкылар багындырышты. Ал эми улуу муундар арасында 1-орунду 1981-жылкылар, 2-орунду 1983-жылкылар, 3-орунду 1978-жылкылар алышты. Аталган жеңүүчү командалар акчалай сыйлыктар жана диплом, медалдар менен сыйланышты.

Бул мелдешке жалпы 60 миң сом акча каражаты жумшалган.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×