Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 27.04.2019 18:38 На русском

Баткендин шайыр апалары республикалык сынакта 100 000 сомдук баш байгенин ээси болушту

Turmush -  Ысык-Көл районунда «Шайыр апалар» республикалык телефестивалынын 3-айлампасы өтүп, ага 7 облустан келген 400 апа катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Үч күнгө созулган телефестивалдын жыйынтыгында баш байгени Баткен облусунан келген «Алыш апалар» тобу ээледи. Аларга 100 миң сомдук сыйлыкты Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев тапшырды. 2-орунду Ысык-Көл районунун Чырпыкты айыл аймагынын «Касым ата келиндери» тобу, 3-орунду Тору-Айгыр айылынын «Ак саамай» тобу алышты. Өлкөнүн чар тарабынан келген апаларга Ысык-Көл райондук мамадминистрациясынын жетекчилиги тарабынан да сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×