Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 26.04.2019 17:11 На русском

Ак-Талаада «Жаш талант-2019» сынагы башталды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата «Жаш талант-2019» сынагы өткөрүлүп жаткандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 26-апрелде райондук билим берүү бөлүмү жана балдар билим берүү борбору тарабынан «Манас» эпосун, улуттук маданиятты, биримдүүлүктү, тарыхты даңазалоо максатында жыл сайын өткөрүлүүчү окуучулар арасындагы «Жаш талант-2019» сынагы башталды.

Сынакка катышкандар «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, улуттук бийлерди аткаруу, элдик дастандарды айтуу, мекенчилдик ырларды аткаруу, улуттук аспаптарда ойноо, «Чыңгыз Айтматов — дүйнөнүн адамы» аттуу теманын алкагында сүрөт тартуу, улуттук кол өнөрчүлүк кылуу жана башка тапшырмаларын аткарышууда.

Сынак маданият үйүнүн концерттик залында, Нуркул Кулназаров атындагы китепканада жана балдар билим берүү борборунда өткөрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×