Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Нарын облусуАт-Башы району 26.04.2019 11:37

Күлүмсүрөгөн жүздөр, кармашкан колдор... Түрк ишкерлер Ат-Башыда. Сүрөт

Turmush -  Кыргызстанга келген түрк ишкерлер кечээ, 25-апрелде Ат-Башы районуна барышты. Алгач аларды Нарын шаарында өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов кабыл алды. Андан соң жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту.

Түрк делегациясын Түркиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Мустафа Курт баштап келген. Аймактык кабарчы билдиргендей, түрк ишкерлер Ат-Башы районундагы эт комбинатына, логистикалык борборго жана «Таш-Рабат» тарыхый комплексине барышты.

Түрк ишкерлер Ат-Башыдагы инвестициялык долбоорлор менен таанышып, жергиликтүү ишкерлер менен баарлашты. Түркиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Мустафа Курт июнь айында 40га чукул түрк ишкерлери Нарын облусуна келип, өз ара кызматташтыгын улантарын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×