Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ысык-Көл облусуТоң району 26.04.2019 10:59 Жаңыланды: 26.04.2019 13:16 На русском

Жеңеке: Жамандыкты жакшылык менен жеңген медайым Арпачиеванын окуясы (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Талаа айылынын 43 жаштагы тургуну Гүлкайыр Арпачиева. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал айылдык фельдшердик-акушердик пунктта 15 жылдан бери лаборант болуп эмгектенет.

«Мен Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө айылында өскөм. Мектепти аяктагандан кийин Токмок шаарындагы медициналык окуу жайга барып, аны 1995-жылы аяктадым. Ошол эле жылы Токмок шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө медайым болуп иштеп калдым. Ошол мезгилде болочоктогу жолдошум Медербек менен таанышкам. Ошентип биздин мамилебиз жакшы болуп, сүйлөшүп жүрүп, 1997-жылы баш коштук. Ата-энем батасын беришти», - дейт Гүлкайыр Арпачиева.

Анын айтымында, жолдошу үй-бүлөдө беш бир туугандын улуусу болгондуктан ал үйдүн улуу келини болгон.

«Башында кайын ата, кайын энебиз менен бирге жашадык. Кийин өзүнчө үй салып, бөлүнүп кеттик. Керим, Шатман, Кутман жана Рамазан аттуу уулдуу болдук. Эң улуусу быйыл 11-классты аяктайт», - дейт ал.

Гүлкайыр мындан 10 жыл мурун оор сыноону башынан өткөргөнүн айтат.

Анын айтымында, 10 жаштагы тун кызы Аземи жолдон чуркап өтүп бара жатканда унаа коюп кеткен. Мындай чоң жоготуудан улам ал депрессияга кабылып, кызын жоготконуна ишенбей келет.

«Кызым жаркылдаган, өтө күйүмдүү, жароокер эле. Кырсык экен, унаа коюп кетти. Ошол учур мен үчүн өтө оор болду. Жашоого болгон кызыгуу, умтулуу жок, жөн гана эптеп күн өткөрмөй болуп калган. Бирок мындай жамандыктын артында сөзсүз жакшылык болорун сезип, ата-эне жана бир туугандарымдын кеңешин угуп, өзүмө келе баштадым. Анан удаа эки уулдуу болдум. Бала бакыты мени сооротуп, күйүтүмдү басты. Бирок азыр деле кызымды эстегенде көзүмө жаш алып, жүрөгүм тилинип кетет», - дейт ал.

Гүлкайыр үй-бүлөлүк түйшүктөн тышкары 15 жылдан бери медайым болуп айыл элине кызмат кылат.

«Айыл тургундарына колумдан келишимче жардам берем. Медициналык жардамга муктаж болгондор кайрылышат. Бир жолу айылдашыбыздын уулу ооруп калып, мага ийне сайдыруу үчүн келиптир. Мен ийне саюуга даярданып жатсам, 16 жаштагы бала эсин жоготуп, кулап калды. Дароо терезени ачып, бетине суу чачып, араң эсине келтирдим. Көрсө өмүрүндө ийне сайдырып көрбөгөндүктөн абдан коркуп калган экен. Ийне сайдырууда көбүнчө эркектер абдан коркот, алар моралдык жактан да кадимкидей даярданышат. Мен өз кесибим аркылуу элге жардам берип жатканым менен сыймыктанам», - дейт ал.

Учурда 4 баланы тарбиялап жаткан жубайлар эми кыздуу болсок деп тилек кылышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×