Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Нарын облусу, Нарын 26.04.2019 10:26 На русском

Калыстарга нааразы болгон волейболчулар финал учурунда оюнду таштап кетишти. Сүрөт

Turmush -  Нарын шаарында волейбол боюнча спорт мектептер арасында өткөрүлгөн облустук турнирдин финалдык бөлүгүндө кочкорлук кыздар оюнду таштап кетишти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, кыздар арасындагы финалдык оюнда Нарын облустук спорт мектебинин кыздар командасы менен Кочкор районунан келген кыздар командасы беттешип жатышкан. Бирок оюн учурунда кочкорлук волейболчулар калыстарга нааразы болуп, беттешти таштап кетишти.

Күйөрмандардын айтымында, аларга калыстар туура эмес мамиле жасап, оюндун жүрүшүндө атаандаштарынын катасын көрмөксөнгө салышкан. Ал эми уюштуруучулар оюнду таштап кетүү көрүүчүлөрдү сыйлабастык деп айтышты.

Бул окуя боюнча Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы жообун бере элек.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×