Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуЧоң-Алай району 26.04.2019 09:53 На русском

Видео: Чоң-Алайда жашоочулардын курулуштары жылдырылып, унаа жолдун четине тротуар курулууда

Дароот-Коргон айылы
Дароот-Коргон айылы

Turmush -  Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүндөгү Дароот-Коргон айылында жалпы узундугу 10 чакырым болгон унаа жолдун эки тарабына тротуар курулууда. Бул тууралуу 16-жол тейлөө ишканасынын башчысы Абдырасул Кангелдиев билдирди.

Анын айтымында, аталган курулуш иштери жөө жүргүнчүлөрдүн, айрыкча жаш балдардын катышуусундагы жол кырсыктарды алдын алуу максатында жасалып жатат.

«Сары-Таш—Кара-Мык унаа жолу эл аралык маанидеги жол болгондуктан күнү-түнү жеңил унаалар жана жүк ташуучу унаалар өтүп турат. Жергиликтүү тургундарга балдардын өмүрү кымбат экенин түшүндүрүп, жолдун четиндеги бактарды, курулуштарды 1,5 метрге жылдырдык. Бир-эки ирет жол кырсыгынын кесепетинен балдардын өлүмү катталган. Жыл сайын 1,5 километр тротуар куруп, учурда 4,5 километрин бүтүрдүк. Асфальттын муздак түрүн төшөп жатабыз. Ал эми суу агуучу 3 метрлик бетон лотоктор Оштон алынып келди. Анын ар бири 3 миң 800 сомдон турат», - дейт Абдырасул Кангелдиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×