Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Талас облусуБакай-Ата району 26.04.2019 09:25 На русском

3 балалуу келиндин сырдуу жоголушу: Нургүл Сыйдалиева изделүүдө. Сүрөт

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында 1993-жылы туулган Сыйдалиева Нургүл Асанбековна дайынсыз жоголду. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Бакай-Ата РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга анын кайын атасы кайрылган. Ал 24-апрелде саат 14:00 чамасында келини «Талас шаарына барып, кирпик чаптаган «клей» алып келем» деп айтып кеткен боюнча кайрылып келбегендигин билдирген. Нургүл айым 3 баланын апасы. Жолдошу чет өлкөдө иштейт.

Нургүл Сыйдалиеванын белгилери: Бою 165-170 см, чачы, көзү кара түстө. Арыкчырай дене түзүлүштө.

Кийимдери: Башында чарала жоолук, үстүндө боз түстөгү узун кардиган, кара кофта, көк жинсы шым, ак түстөгү ботас.

Эгерде Нургүл Сыйдалиеваны көргөн-билгендер болсо 0701 60 16 29, 0707 13 13 96, 0345 3 32 14 номурларына кабарлап койсо болот.

Кийинчерээк милициядан келин акыркы жолу кайын сиңдиси менен телефон аркылуу сүйлөшүп, «ызы-чуу машинага түшүп алыптырмын, анан сүйлөшөлү» деп айткандыгын кошумчалашты. Ал Талас шаарына келип, банктардын бирине кирген. Банктын видеокөзөмөлүнүн алдында телефон менен көпкө сүйлөшкөн. Жолдошу Россиядан бүгүн учуп келди. Учурда издөө иштери жүрүп жатат.

Нургүл Сыйдалиева

Түшкө жакын милиция кызматкерлери Нургүл Сыйдалиева Бишкек шаарынан табылганын билдиришти.

Алдын ала маалыматка караганда, ал кайын журту менен таарынышып, Бишкек шаарына кетип калган. Учурда эки тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп, аны үйгө алып келе жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×