Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Баткен облусуКадамжай району 25.04.2019 17:41

Кадамжай районунда жибек жип өндүрүлө баштайт

Turmush -  Кадамжай районунда жибек жип өндүрүлө баштайт. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, райондо СССР учурунда «Кадамжай жибек сервис» айыл чарба кооперативи иштеп турган. Бирок ал союз тарагандан кийин ишин токтоткон. Быйыл ишкана кайрадан ишин баштап, Өзбекстандын «Фергана агропилла» ишканасы менен биргеликте жибек жип өндүрүү боюнча келишим түзүүгө жетишти. Учурда инкубаториядагы уруктан 35 куту жибек курту чыгарылып, андан ары өстүрүү үчүн район аймагындагы жибекчилерге таркатылды. Анын негизинде райондо быйыл 2000 кг ашуун жибек жибин өндүрүү пландалып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×