Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 25.04.2019 17:40

Чолпон-Атада ШКУга мүчө-мамлекеттердин баңгизаттарга каршы күрөшүүсү каралды

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында 25-апрель күнү ШКУга мүчө-мамлекеттердин баңгизаттарга каршы түзүмдөрүнүн жетекчилик курамынын катардагы кеңешмеси өттү.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кеңешме КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын башчысы, милициянын полковниги О.В.Запольскийдин төрагалыгы алдында Индиянын, Казакстандын, Кытайдын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын баңгизаттарга каршы түзүмдөрүнүн төрагаларынын жана ШКУнун катчылыгынын катышуусунда өттү.

Жыйынга Индия Республикасынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча бюросунун, Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин, Пакистан Ислам Республикасынын Баңги каражаттарын көзөмөлдөө боюнча министрлигинин, Тажикстан Республикасынын Президентине караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттигинин, Өзбекстан Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча маалыматтык аналитикалык улуттук борборунун жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө, ШКУга мүчө-мамлекеттердин баңгизаттардын абалы, бул чөйрөдөгү эл аралык жана аймактык кырдаал жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүдө эл аралык кызматташуунун өнүгүү жолу талкууланды.

Мүчө-мамлекеттердин жетекчилери ШКУга төрагалык кылуу убагында Кыргыз Республикасынын аткарган иштерине жогорку баа беришип, Чолпон-Ата шаарында өткөн 10-отуруму жогорку деңгээлде уюштурулганы жана меймандостук үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×