Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТоң району 25.04.2019 14:47 На русском

Биринчи вице-премьер К.Боронов Ысык-Көлдөгү уран кенине келди (видео, сүрөт)

Turmush -  Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 25-апрелде Тоң районуна иш сапары менен келди. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жергиликтүү тургундар менен жолугушууда К.Боронов уран кенин иштетүүгө лицензия берилбегенин билдирди.

«Бул жерде ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан компаниянын иштеп чыгууга уруксаты жок», - деди ал.

Балыкчы шаарынын жашоочусу Акжолтой Тургунов өкмөт ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгынан кийин уран кенин андан ары иштетүү боюнча чечим кабыл аларын билдирди.

Көк-Мойнок айылынын тургуну Эркин Каракожоевдин пикиринде, уран чыккан жердеги ишти толугу менен токтотуп коюу керек. Ал эми иш жүрүп жаткан жерди кайра калыбына келтирүү шарт.

Буга чейин Тоң районунун Көк-Мойнок участкасында уран кенин чалгындоо иштери толугу менен токтотулгандыгы маалымдалган.

Маалым болгондой, өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, Тоң районунун акими Данияр Арпачиев, Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Улан Асанбаев, Балыкчы шаарынын вице-мэри жана Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы премьер-министрдин тапшырмасынын аткарылышы менен таанышып чыгышкан.

Бүгүнкү күндө бардык оор техникалар, имараттарга ишти токтоткону тууралуу «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы тарабынан мөөр басылды. Тартипти камсыз кылуу үчүн милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×