Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 25.04.2019 14:08 Жаңыланды: 28.06.2019 20:03

Сүрөт: Айылды тандаган башкарманын кызы — Жыргалдын дарыгерлик эмгеги

Turmush -  Мындан беш жыл мурун «Жаш дарыгерлер депозити» программасынын негизинде Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айылына келген Жыргал Имерова кыялы орундалып, өзүнүн миссиясын аткарып жатканын айтат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал дарыгер болууга кичинекейинен бери даярданган.

«Мен Тоң районунун Төрт-Күл айылында чоңоюп өстүм. Үй-бүлөдө жети бир тууганмын. Убагында атам Тоң районун башкарган бийлик өкүлдөрүнүн бири болгон. Мен кичинекей кезимде медицина кызматкери болууну кыялданчумун. Атам дагы: «кызым доктур болот» деп мени кубаттачу. Ошол кесипке эртелеп даярданып, мектепте тиешелүү сабактарды жакшы окудум. Мектепти аяктагандан кийин 2006-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо факультетинде билим алып, аны 2012-жылы аяктадым. Ал эми 2014-жылы интернатура бөлүмүн бүтүрүп, терапевт кесибине ээ болдум», - дейт Жыргал Имерова.

Анын айтымында, ал 2014-жылы «Жаш дарыгердин депозити» программасына катышып, айылына келген.

«Медициналык академияны актагандан кийин өзүмдүн айылдашыма эле турмушка чыктым. Жолдошум азыр айыл чарбасы менен алектенет. Мен болсо айылдагы ооруканада үй-бүлөлүк дарыгер жана клиникалык жетекчи болуп иштейм. «Жаш дарыгердин депозити» программасына кабыл алынганымда абдан сүйүндүм. Өзүмдүн айылыма келеримди укканда ого бетер кубандым. Баары мен пландап жүргөндөй болду.

2014-жылдан баштап өзүмдүн айылымда иштеп, үч ай сайын Саламаттыкты сактоо министрлигине отчет берип жаттым. Мен жаңы келгенде дарыгер Роза Ибраева көп жардам берди. Ал убакта клиникалык жетекчи эле, көп нерсени үйрөтүп, тажрыйбасы менен бөлүштү», - дейт ал.

Жыргал Имерованын айтымында, жашоочулар оорунун алдын алууга көңүл бурушпайт.

«Оорунун алдын албастан дартын күчөтүп алып, такыр болбой калганда бизге кайрылган жарандарыбыз көп. Биз эл ичинде түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп келебиз, бирок көрүнүш өзгөрө элек. Эл өз ден соолугуна кайдыгер мамиле кылат. Ал эми профилактикалык кароо учурунда биз жашоочулардан анализдерди алабыз. Башында элдин көбү келбей койчу, себеби анализ тапшыруу үчүн коңшу айылга жол кире коротуп баруу керек эле. Албетте айылда жашагандардын баарында эле акча боло бербейт. Ошол көйгөйдөн улам келишчү эмес.

Азыр биздин лабораториялык иштер борборлоштурулгандыктан анализди бул жерден алып, Караколдогу облустук бириккен ооруканага изилдөөгө жиберебиз. Ал эми 2-3 сааттан кийин анализдин жыйынтыктары электрондук вариантта бизге түшөт. Бул иш санариптештирүү жылынын алкагында облустук оорукана тарабынан аткарылып, биздин жумуш мунун аркасы менен бир топ жеңилдеди. Айыл эли эми анализге келе баштады. Анын жыйынтыгын интернет аркылуу алып эле, бейтаптарды дарылап баштайбыз», - дейт ал.

Учурда жаш дарыгер эки кыздын жана бир уулдун апасы.

«Маянам 11 миң сомду түзөт. Айлыгым аз деп нааразы болбойм. Мен эң биринчи кезекте кичи мекенимде иштеп, элиме медициналык жардам көрсөтүп, элдин батасын алып жатам. Бул мен үчүн баарынан кымбат», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×